Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Б.Торобаев: Элетте айына 50 миң сомдон ашык киреше табуу булагы пайда болотБ.Торобаев: Элетте – Министерство водных ресурсов, сельского хозяйства и перерабатывающей промышленности Кыргызской Республики
Важные новости

Б.Торобаев: Элетте айына 50 миң сомдон ашык киреше табуу булагы пайда болотБ.Торобаев: Элетте

Эми элетте жашаган айылдык дыйкан-фермелерге мобилдик тоок фермасы аркылуу айына 50 миң сомдон ашык киреше табуу мүмкүнчүлүгү пайда болот. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары-Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Торобаев билдирип, Кыргызстанда чоң жана чакан кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү менен дыйкан фермерлердин потенциалын көтөрүү жана финансылык социалдык абалын жакшыртуу максатында, Кайра иштетүү өнөр жайы жана органикалык айыл чарба департаменти уюштурган көргөзмө-семинарда көргөзүп берди.

Өз сөзүндө Торобаев: “Мобилдик тоок фермасында жогорку продуктивдүү жумуртка өндүрүсө болот. Фермадагы 384 тооктон бир айда аз дегенде 50 миң сомдон ашык киреше алуу мүмкүн. Түшкөн пайда менен насыядан кутулса болот”, – деп билдирди.

Учурда айыл чарба тармагын көтөрүү үчүн кайра иштетүү өнөр жайына өзгөчө маани берилип жатканын Бакыт Торобаев баса белгилеп айтып келе жатат. Мунун бир мисалы мобилдик тоок фермасын заманбап жабдыктар менен ар бир айылга куруу десек жарашат. Контейнердин орточо баасы 4000 АКШ долларына барабар. Насыяга алып иштетип, түшкөн пайда менен кутулуу мүмкүнчүлүгү дагы каралган.

Натыйжада, мына ушул багытта жигердүү иштерди жүргүзүү боюнча, министрликтин райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктарынын башчыларына жана мамлекеттик тиешелүү органдарга бир катар милдеттер жүктөлүп, тапшырмалар берилди.

Көргөзмө семинар кайра иштетүүчү ишканалар менен дыйкандардын байланышын бекемдөөгө, агрокластерди өнүктүрүүгө, дыйкандарга жана чакан ишканаларга ылайыкташтырылган технологияларды, бизнес моделдерди жана жабдуулардын иштөөсүн жайылтууга багытталган.

Иш-чарага КР Президентинин 7 облусунун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, 40 райондук мамлекеттик администрациясынын, министрликке караштуу 40 Райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктарынын жетекчилери, мамлекеттик “Айыл Банк”, “РСК Банк” жана Өнүктүрүү фонддорунун өкүлдөрү жана дыйкан-фермерлер катышты.

Show More
Back to top button