Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Некролог – Министерство водных ресурсов, сельского хозяйства и перерабатывающей промышленности Кыргызской Республики
Без рубрики

Некролог

Кыргыз Республикасынын ишкердик чөйрөсү жана Талас  эли чоң жоготууга учурады. 91 жаш курагында белгилүү меценат, коомдук ишмер, Кыргыз республикасынын өнөр жайына эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз республикасынын ардагерлер кеңешинин төрагасынын орун басары Алканов Райкан Алканович дүйнөдөн кайтты.

Алканов Райкан 1933 –жылы Талас районундагы Арал аймагынын Кара – Чоку айылында төрөлгөн.

1951 –жылы Фрунзе шаарындагы №1 Кыргыз орто мектебин бүтүргөндөн кийин Москва шаарындагы эт жана сүт өнөр жай техникалык институтунун механика факультетине кирген.

Институтта окуу менен катар Москвадагы  эл чарбасынын жетишкендиктеринин Бүткүл союздук көргөзмөсүнүн Кыргызстан бөлүмүндө кызматкер болуп иштеп өз эмгек жолун баштаган.

Ошону менен катар институттун коомдук ишине активдүү катышып, өзгөчө  спорттун бокс түрү боюнча студенттер арасындагы Москва шаары боюнча биринчилигинде 2 жолу чемпиондукту жеңип алган.

Кустанай облусунда Дың жердин дан эгиндерин жыйноо үчүн 100  студенттен түзүлгөн эмгек отрядды  эки жыл катары  менен жетектеп, 24 жашында “Эмгек каармандыгы” медалы жана Казак ССРинин Ардак грамотасы менен сыйланган.

Институтту ийгиликтүү аяктагандан кийин ВДНХнын Кыргызстан бөлүмүндө жетектөөчү адис болуп иштеп турган. Ал эми 1962 –жылдан тартып Кыргыз ССРинин Москвадагы мамлекеттик  материалдык техникалык жабдуу бөлүмүнө инженердик кызматка чакырылган.

1970 –жылга  чейин Госснабдын Москва бөлүмүндө бардык кызмат тепкичтерин басып өтүп, 1971 –жылдын  май айынан тартып Кыргыз ССРинин Москвадагы материалдык техникалык жабдуу башкармалыгынын начальниги кызматына бекитилген.

1965 – 1984 – жылдар аралыгында өзгөчө Фрунзе шаарында (азыркы Бишкек) элдин саны кескин өскөндүгүнө байланыштуу 5 – 8 кабаттуу үйлөрдөн турган  жаңы микрорайондор курулган. Манас аэропорту баш болгон Кыргыз циркинин, Филармониянын, Кыргыз, орус драм театрларынын, Нарын рестораны, Ош базары сыяктуу стратегиялык ири курулуштарды зарыл  материалдар, өзгөчө жыгач, тактай менен үзгүлтүксүз жана пландуу түрдө жабдуу ишинде Райкан Алканович жетектеген Госснабдын Москва бөлүмү  зор уюштуруучулук ишти жүргүзүп турган.

1984 –жылы Кыргызстанга келип  “Кыргызкалдык ресурстары” өндүрүштүк бирикмесинин жетекчиси болуп дайындалган.

1997 –жылы ишкерликке белсенип киришип жоопкерчилиги чектелген “Алканов жана компания” коомдук бирикмесин негиздеген.

Райкан Алканович негиздеген “Алкан жана компания” жоопкерчилиги чектелген коому башкаларга үлгү болуп 5 миңге жакын жумушчу орунун түзүп бүгүнкү күнгө чейин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде  ыраттуу иш жүргүзүп келатат.

Өзгөчө спорт жаатына зор көмөгүн көрсөтүп акыркы 30 жыл ичинде чет мамлекеттерде өткөн бардык бүткүл дүйнөлүк олимпиадалык оюндарга катышууга укук алган  кыргызстандык жаш спортчуларга жеке өзүнүн атынан чоң суммадагы акча каражаттарын берип, аларды алдыга сүрөп, шыктандырып турчу. Ошондон улам көп жылдар бою ал Кыргызстандын бокс, күрөш, көк бөрү федерацияларынын президенти, вице – президенти болуп, бул багытта ондогон мыкты спортчулардын  дүйнөлүк деңгээлге чейин өсүп чыгышына өзүнүн зор салымын кошкон инсан эле.

Райкан Алканович өзүнүн элин жерин берилип сүйгөн, кыргыз үчүн күйүп бышып, жан отун берген чыныгы патриот адам болгон.

Анын жашоо турмушу, Москва шаарында 33 жыл мамлекетибиз үчүн күнү түнү талыкпай эмгектенген өмүр жолу, мекенчилдиги, боорукерлиги келечек муун үчүн бүгүн да үлгү болуп кала бермекчи.

Райкан Алкановичтин үзүрлүү эмгеги бааланып ал КРнын “Даңк” медалы, эл аралык “Меценат столетя” фондусунун, “Дүйнөнү жаңыртууга жана өнүктүрүүгө кошкон марттыгы кайрымдуулугу” жана “Петр биринчи” ордендери, “Ата түрк” алтын медалы, эл чарбасын реформалоого кошкон көрүнүктүү салымы үчүн берилүүчү Болот  Мамбетов атындагы сыйлыктын лауреаты сыяктуу ондогон орден, медалдар менен сыйланган.

Ал Талас облусунун, Талас районунун ардактуу атуулу наамдарынын ээси болгон. Бүгүнкү күндө ал өз каражатына учурунда реконструкциялап чыккан Талас шаарындагы облустук ипподромго Райкан Алкановичтин  ысымы ыйгарылган.

Биз бүгүн акыркы сапарга узатып жаткан Райкан Алкановичтин турган турпатын, жан дүйнөсүн Кыргыз эл акыны, замандашы Төлөгөн Мамеев  мындайча  сүрөттөп жазган ыры бар.

Бир иш жок ушул адам бүтүрбөгөн,

Орой дейт анын сырын түшүнбөгөн.

Жалкоого, жалганчыга камчы үйрүп,

Кызык жан жазгы суудай күпүлдөгөн.

Чыдабай ууру, бузук кескилерге,

Аларды аз –маз  калат тепкилээрге.

Таласча келиштире, каарып өтөт,

Жеткирет андайларды жетчү жерге.

Көрө албас, ичи тарлар  жамандашат,

Коркоктор көргөндө эле алаңдашат.

Чак түштө  сөккөн менен жалкоолорду,

Кечинде кучакташып саламдашат.

Ачык жан, сырын ичке жашырбаган,

Жакшыга ак жеринен асылбаган.

Кыскасы анык кыргыз, жүрөгү ак,

Райкан, күпүлдөгөн бакылдаган…

Show More
Back to top button