Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Кыргыз Республикасында айыл чарба техникаларынын лизинги тууралуу маалымат – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
ЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Кыргыз Республикасында айыл чарба техникаларынын лизинги тууралуу маалымат

Акыркы жылдары Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги тарабынан айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн машина-трактордук паркын толуктоо, жаңылоо жана айыл чарба техникалары менен камсыздоо үчүн бир катар иш-чаралар аткарылып жатат. Дыйкандарга механизациялаштырылган кызматтарды өз убагында жана сапаттуу көрсөтүү, лизингдин өнүгүшү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында 2011-жылдан тартып министрликтин демилгеси менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн колдоосунун негизинде «Айыл Банк» ачык акционердик коому аркылуу 9 лизинг долбоору түзүлүп, айыл чарба техникаларын жана жабдууларын лизингке берүү ишке ашып жатат. Мындан тышкары банктын өзүнүн коммерциялык эки долбоорлору аркылуу дыйкандарга лизинг кызматын көрсөтүп жатат.
ОАО “Айыл Банк” аркылуу айылдык товар өндүрүүчүлөргө лизингке дан эгиндерин оруп жыйноочу комбайндарды, ар түрдүү үлгүдөгү тракторлорду жана башка айыл чарба шаймандарын женилдетилген шарттарда жылдык үстөгү 6-9% менен 7 жылдан 10 жылга чейин лизингке берүүдө. Бүгүнкү күнгө карата бардыгы болуп 6930,5 млн. сомго 4036 даана техника лизинг жолу аркылуу дыйкандарга берилди, ал эми 2022-жылы 627,0 млн. сомго 260 техника берилген.
Жогорудагы долбоорлордун бардыгына Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен “Айыл Банк” ААКму оператор болуп дайындалган жана лизинг долбоорлору министрликтин көзөмөлү аркылуу ишке ашырылып жатат.
Айыл чарба техникаларын лизингке берүүнүн шарттары:
– лизинг мөөнөтү – 7(жети) – 10(он) жыл;
– үстөк пайызы – лизинг алуучунун өз салымынын өлчөмүнө жараша
жылдык 6(алты), 7(жети), 9(тогуз) пайызга барабар;
– күрөө – өз салым 20% жогору болгон учурда күрөө катары лизинг предмети (техника) каралат;
– лизинг алуучу тарабынан өз салым 20% кем төлөнсө кошумча күрөө катары айырмасына мүлк талап кылынат;
– камсыздандыруу техника алуусунун макулдугы менен ыктыярдуу түрдө жүргүзүлөт;
– лизинг операциялары сом менен жүргүзүлөт.

Show More
Back to top button