Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Муниципалдык мүлктү сатуу жана ижарага берүү боюнча аукциондорду электрондук форматта өткөрүү – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
ЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Муниципалдык мүлктү сатуу жана ижарага берүү боюнча аукциондорду электрондук форматта өткөрүү

Муниципалдык мүлктү сатуу жана ижарага берүүнүн ачыктыгын камсыз кылуу жана коррупциялык элементтерди жоюу максатында, региондорду өнүктүрүү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердигин санариптештирүү алкагында, “Электрондук соода аянты” маалыматтык тутумун ишке киргизилди.

Бул багытта Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан “Муниципалдык мүлктү ижарага берүү келишимин түзүү укугуна аукциондорду электрондук форматта өткөрүү тартиби жөнүндө” жана “Электрондук форматта муниципалдык мүлкү сатуу боюнча аукциондорду өткөрүү тартиби жөнүндө” жоболору бекитилип, ошондой эле “Инфо-система” мамлекеттик ишканасы тарабынан республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттардын эсебинен “Электрондук соода аянты” маалыматтык тутуму иштелип чыккан.

Электрондук соода аянты – бул тооруктарды (аукциондорду) реалдуу убакыт режиминде жүргүзүү үчүн бирдиктүү автоматташтырылган тутум. Бул система интернет байланышы аркылуу соода операцияларын соңку мезгилде  аткаруу  процесстерин автоматташтырууга арналган.

Онлайн аукциондорду өткөрүү үчүн электрондук соода аянтын ишке ашыруу төмөнкүлөрдү камсыз кылат:

  • рынокту кеңейтүү;
  • ачык-айкындуулук жана ачыктык;
  • убакыттын жана акчанын чыгымдарын кыскартуу;
  • дүйнөнүн каалаган бурчунан соода жүргүзүүгө катышуу мүмкүнчүлүгү;
  • таза атаандаштык;
  • бардык катышуучулардын укуктарынын бирдейлиги.

“Электрондук соода аянты” маалымат тутумун тестирлөө Токмок, Кант шаарларында, ошондой эле Ново-Покровский айыл өкмөтүндө өттү.

Мындан ары, “Электрондук соода аянты” тутумуна бардык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын этап менен кошуу боюнча иштер жүргүзүлөт.

Show More

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

Back to top button