Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
2022-жылы 180 миң гектар буудай жана 12 миң гектар арпа себүү пландалууда. – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
ЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

2022-жылы 180 миң гектар буудай жана 12 миң гектар арпа себүү пландалууда.

2022-жылы 180 миң гектар  буудай жана 12 миң гектар  арпа себүү пландалууда.

Дан эгиндеринин жогорку түшүмдүүлүгү жана сапаты өсүмдүктүн вегетация мезгилинде минералдык жер семирткичтер менен камсыз болушуна жараша болот. Белгилей кетсек, 2021-жылдын 1-сентябрынан 22-октябрына чейинки аралыкта республикага жалпысынан 5,9 миң тонна фосфор жана калий жер семирткичтери алынып келинип, учурда дыйкандар интенсивдүү түрдө сатып алууда. Бул жалпы керектөөнүн 28,2 процентин түзөт.Күздүк дан эгиндерин минералдык жер семирткичтер менен камсыз кылуу системасы, кошумча азыктандыруу менен жүргүзүлөт. Ошондой эле, КР Айыл чарба министрлиги келерки жылдын түшүмү үчүн 21 миң тонна фосфор жана калий жер семирткичтери керектиги боюнча маселе көтөрдү.

Show More
Back to top button