Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
2022-жылдын 1-февралына карата мал чарба продукцияларынын негизги түрлөрүн өндүрүү жөнүндө кыскача маалымат – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
ЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

2022-жылдын 1-февралына карата мал чарба продукцияларынын негизги түрлөрүн өндүрүү жөнүндө кыскача маалымат

Эт өндүрүү. 2022-жылдын 1- февралына мезгилинде республикада бардык категориядагы чарбакер субъектилерде 31,2 миң тонна эт тирүүлөй салмакта өндүрүлдү, 774 тонна, же 2,6 пайызга мурунку жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу эт көбүрөөк өндүрүлдү.

Эт өндүрүүнүн көбөйүшүнүн эң негизги себеби малдын санынын көбөйүшү менен байланыштуу, кой/эчки жана үй канаттуулардан тышкары.

Улуттук статистика комитетинин кыска маалыматы боюнча 2021-жылдын аягына карата республикада ири мүйүздүү малдын саны 34,6 миң башка көбөйүп 1750,3 миң башты түздү, жылкынын саны 7,7 миң башка көбөйүп 547,3 миң башты түздү, ал эми кой жана эчкинин саны 865 башка азайып 6277,8 башты түздү жана үй канаттуулардын саны 146,4 миң башка азайып 5923,9 башты түздү.

Белгилей кетчү нерсе 2022-жылдын январь айында республиканын бардык облустарында эт көбүрөөк өндүрүлгөн, Баткен облусунан тышкары, ал жерде эт өндүрүү өткөн жылдын ушул мезгили менен салыштырмалуу 99,9 пайызды түздү.

Show More
Back to top button