Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Жер жана сууга байланыштуу мыйзам бузуулардан мамлекеттик бюджетке 18 миллион сом өндүрүлдү – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Жер жана сууга байланыштуу мыйзам бузуулардан мамлекеттик бюджетке 18 миллион сом өндүрүлдү

Жерди жана сууну көзөмөл кызматы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жалпы саны 916 түзгөн, анын ичинен:

– пландуу текшерүүлөр – 293;

– пландан тышкары текшерүүлөр – 258;

– контролдук текшерүүлөр – 365;

Укук коргоо жана башка мамлекеттик органдары менен биргеликте текшерүүлөрдүн саны – 419.

Пландуу жана пландан тышкары текшерүүлөрдү жүргүзүүдө табылган бузуулардын саны 1497 түзгөн, анын ичинде:

– жер жаатында – 910 бузуулар табылды;

– суу жаатында 587 бузуулар табылды.

Берилген жазма буйруктардын аткарылышын көзөмөлдөө максатында, контролдук текшерүүлөрдү жүргүзүүдө 905 бузуулар жоюлду, анын ичинен:

  • жер жаатында – 509;
  • суу жаатында – 396.

Жазма буйруктар толук аткарылбагандыгы үчүн, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар Кодексинин негизинде жоопкерчиликке тартылган айыпкерлердин саны 491 болду, анын ичинде:

 – жер жаатында – 387, 

 – суу жаатында – 104.

Айыпкерлерге салынган айып пулдун жалпы суммасы 3 823 500 сомду түзүп, ал суммадан 3 112 000 сому мамлекеттик бюджеттин эсебине төлөнүп, өндүрүлдү.

Отчеттук мезгилде коюлган доонун суммасы 46 511 241 сом түзүп, коюлган доолордун суммасынан жалпы 18 011 651 сом мамлекеттин бюджетине өндүрүлдү.

Мыйзамдардын бузулушуна байланыштуу дооматтар коюлуп, 120 материал сот органдарына өткөрүлүп берилген, анын ичинде каралган иштер 65 жана кароодо турган иштер 55. Укук коргоо органдарына 129 материал өткөрүлдү.

Жерлерди өзүм билемдик менен мыйзамсыз ээлеп алуу фактыларын алдын алуу жана болтурбоо боюнча чаралар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги ПЖ № 109 Жарлыгынын аткаруу боюнча мыйзамсыз курулган обьектилердин саны – 651.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 14-мартындагы №56 Жарлыгын аткаруу алкагында мыйзамсыз болуп аныкталган объектилердин саны – 113.

Show More
Back to top button