Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Жаныбарларды идентификациялоо – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Жаныбарларды идентификациялоо

Кыргыз Республикасынын “Жаныбарларды жана жаныбарлардан алынган азыктарды идентификациялоо жөнүндө” Мыйзамын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринардык кызматынын 2022-жылдын 17-мартында №47 “Республика боюнча асыл тукум кой-эчкилерди идентификациялоо жөнүндө” буйругунун негизинде Жайыт жана асыл тукум мал чарба департаментинин тизмесине ылайык асыл тукум кой-эчкилерди идентификациялоо иш-чаралары башталды. Асыл тукум кой-эчкилерди идентификациялоону ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планы бекитилген.

Жаныбарларды идентификация жүргүзүү иш-чараларын толук камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин    2022 – жылдын 27 – январындагы № 28-р тескемеси чыгарылды.

Ошондой эле, айыл чарба жаныбарлардын жана жаныбарлардан алынган азыктардын кыймылын контролдоону башкарууда өз ара аракеттенүү уюштурууда Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги менен Ички иштер министрлигинин ортосунда 2022 – жылдын 10 – октябрындагы № 349 – НИ биргелешкен буйругу чыгарылды.

Буга байланыштуу жеринде райондук ветеринардык башкармалыктары Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана Ички иштер министрлигинин кызматкерлери менен биргеликте иш алып барылды.

Муну менен бирге Кыргыз Республикасынын “Электрондук башкаруу жөнүндө” мыйзамы чегинде “Түндүк” электрондук ведомстволук аралык системасы аркылуу идентификациядан өткөн ири мүйүздүү малдардын жана чочколордун бар экендигин далилдөө максатында ведомстволор арасы маалымат алмашуу жөнүндө АКК “Коммерциялык банк Кыргызстан” менен макулдашуулар түзүлдү.

2022–жылдын экинчи жарымында ЖИКС маалыматтык тутуму аркылуу электрондук түрдө берилип аткан изилдөө протоколунун QR – кодунда жаныбар жөнүндө, анын союулганы жана жаныбарлардан алынган азыктардын экспертиза жыйынтыктары тууралуу маалыматтарды чогуу камтып, жаныбардан алынган азыктардын коопсуздугу боюнча  жарандарга маалымат берүүнү жеңилдетет.

2022–жылы 535,9 миң баш ири мүйүздүү мал, 490,3 миң баш жылкы       91 % аткарылды, 3,6 миң баш чочко, 29,0 миң баш асыл тукум кой-эчки 76 % аткарылды, 37 үй канаттуулар чарбасы, 81746 аары бал челектер, 670 көлмөлөр жана водоемдор.

Башкармалыктын кызматкерлери тарабынан түздөн-түз ЖИКС маалыматтык тутуму менен иштеген жана жеке ветеринардык адистерди окуткан райондук башкармалыктардын инспекторлорун маалыматтык тутумун колдонууда техникалык жардам көрсөтүү боюнча иштер активдүү жүргүзүлдү.

Show More
Back to top button