Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Карантинге алынуучу продукциянын экспорту – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Карантинге алынуучу продукциянын экспорту

Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин кызматкерлери 2023-жылдын 4-12-май айына карата республиканын чек арасында жана аймагында экспорттоолуучу 8 миң 039 тонна ата-мекендик айыл чарба продукциясына карантиндик фитосанитардык көзөмөл жүргүзүштү. Карантинге алынуучу продукциянын экспорту:

1. Чүй облусунан 5 миң 034,8 тонна айыл чарба продукциясы экспорттолуп, үлгүлөр тиешелүү фитосанитардык лабораторияларга тапшырылып, жыйынтыгында карантиндик зыяндуу организм тастыкталбагандан соң, 324 даана фитосанитардык сертификат жазылган. Ушул жумада Чүй облусунан жашылчалар-2811,9 тоннаны түзгөн жана Россия, Казакстан, Польша, Украина өлкөлөрүнө экспорттолгон.

2. Ош облусунан 1 миң 703,5 тонна айыл чарба продукциясы экспорттолуп, үлгүлөр тиешелүү фитосанитардык лабораторияларга тапшырылып, жыйынтыгында карантиндик зыяндуу организм тастыкталбагандан соң, 96 даана фитосанитардык сертификат жазылган. Ушул жумада Ош облусунан жашылчалар – 556,4 тоннаны түзгөн жана Россия, Өзбекстан өлкөлөрүнө экспорттолгон.

3. Талас облусунан 799,63 тонна айыл-чарба продукциясы экспорттолуп, үлгүлөр тапшырылып, жыйынтыгында карантиндик зыяндуу организм тастыкталбаган соң, 61 даана фитосанитардык сертификат жазылган. Ушул жумада Талас облусунан буурчак өсүмдүктөрү 582,6 тоннаны түзүп, Россия, Сербия, Иран, Болгария, Турция Казакстан, Грузия өлкөлөрүнө экспорттолгон.

4.  Баткен облусунан 385 тонна айыл чарба продукциясы экспорттолгон, үлгүлөр тиешелүү фитосанитардык лабораторияларга тапшырылып, жыйынтыгында карантиндик зыяндуу организм тастыкталбаган соң, 16 даана фитосанитардык сертификат жазылган. Ушул жумада Баткен облусунан жүгөрү 180 тоннаны түзүп, Өзбекстан өлкөсүнө экспорттолгон.

5. Жалал-Абад облусунан 91,2 тонна айыл чарба продукциясы экспорттолуп, үлгүлөр тиешелүү фитосанитардык лабораторияга тапшырылып, жыйынтыгында карантиндик зыяндуу организм тастыкталбаган соң, 10 даана фитосанитардык сертификат жазылган. Ушул жумада Жалал-Абад облусунан пахта буласы-66,3 тонна Россия өлкөсүнө жана кургатылган алма – 20,3 тоннаны түзүп Германия өлкөсүнө экспорттолгон.

6. Ысык-Көл облусунан 24,5 тонна айыл чарба продукциясы экспорттолуп, үлгүлөр тапшырылып, жыйынтыгында карантиндик  зыяндуу организм тастыкталбаган соң, 9 даана фитосанитардык сертификат жазылган. Ушул жумада Ысык-Көл облусунан көчөттөр – 455 даана Казакстан өлкөсүнө экспорттолгон.

Карантиндик фитосанитардык көзөмөлдүн жүрүшүндө товарлар ичине чейин тыкыр текшерилип, ташылып чыгарыла турган азыктардан үлгүлөр алынды, ТЭИ катышуучулары ЕАЭБдин бирдиктүү карантиндик фитосанитардык талаптарына ылайык ташуунун шарттарынын жана сактоо эрежелеринин аткарылышы менен таанышты.

Show More
Back to top button