Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Балык чарба департаменти уюштурган сынактын жыйынтыгы – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Балык чарба департаменти уюштурган сынактын жыйынтыгы

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылы 9-сентябрында № 561 “Кыргыз Республикасында табигый жана жасалма көлмөлөрдү балык чарбалык өздөштүрүү жана пайдалануу жөнүндө” токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Балык чарба департаменти, балыкчылык, балык уулоо жана балык өстүрүү максатында көлмө-сууларды берүү боюнча сынактын жыйынтыгы чыгарылды.

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Балык чарба департаменти республикадагы балык чарба фондунун негизги пайдалануучусу болот, 2021-жылдын 14-январында, Кыргыз Республикасынын балык чарбасынын курамына кирген табигый жана жасалма суу сактагычтарды (мындан ары суу сактагычтар) камсыз кылуу боюнча сынакты белгиленген тартипте юридикалык жана жеке жактарга өткөрдү.

Ачык-айкындуулук, маалымдуулук жана объективдүүлүк принциптерин сактоо максатында, айлана-чөйрөнү коргоо жана экологиялык коопсуздуктун, илимий, коомдук уюмдардын жана балык чарбасынын ассоциациясынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн арасынан сынак комиссиясынын курамы түзүлдү. Сынакка 18 суу сактагыч коюлуп, анын ичинен 12 суу сактагычка арыз түшкөн, жалпысынан 26 жеке жана юридикалык жактар сынакка катышуу үчүн документтерин тапшырышты.

Критерийлердин жана баалоо таблицасынын негизинде, эң жогорку упай алган катышуучулар сынактын жеңүүчүлөрү болуп эсептелет:

Show More

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

Back to top button