Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Министр Аскарбек Джаныбековдун Талас облусуна болгон иш сапары – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
ЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Министр Аскарбек Джаныбековдун Талас облусуна болгон иш сапары

2021-жылдын 3-июлунда, Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Джаныбековдун Талас облусуна болгон иш сапарынын биринчи күнү тууралуу маалымат.

Жумушчу топ алгач Талас районунун Талды-Булак айылындагы «Талас» асыл тукум чарбасында болушту.

“Талас” асыл тукум чарбасынын аянты 110 гектар, анын 80 гектары сугат жерлер, ал эми 32 гектар жер көп жылдык өсүмдүктөрдү өстүрүү үчүн берилген. Ошондой эле, чарбада кыргыз породасындагы жылкылар багылат жана бүгүнкү күндө 25 жылкы бар. Алар “Алтын туяк” долборунун алкагындагы сатылып алынган. Ошондой эле, “Бакубат Талас” жөлөк пул фонду тарабынан 3 000 000 сом насыя бөлүнгөн. Бул каражатка жаңы кыргыз тукумундагы дагы 20 бээ сатып алынган. Быйыл заводго кошумча 100 баш кой берүү пландалууда.

Андан соң Талас шаарында жайгашкан Талас аткана заводунда болушту. Заводдун жалпы аянты 40 гектар. Анда бүгүнкү күндө чарбада 47 жылкы бар, анын 14ү бээ. Комбинаттын жетекчилиги жакынкы аралыкта эт жана сүт багытындагы жылкылардын санын көбөйтүүнү пландап жатат.

Жумушчу топ андан сон Көк-Кашат айылындагы Кең-Көл токой питомнигинде болушту. Талас токой чарбасынын мамлекеттик токой фондунун аянты 35 387 гектар, анын 6 644 гектары токойлуу. Токой чарбасы 4 токой чарба ишканаларынан (Талас, Кең-Кол, Арал, Кара-Дөбө) жана 23 кайгуулдан турат. Жалпысынан токой чарбасында 40ка жакын адам иштейт, анын ичинен 23 токойчу.

Кең-Кол питомнигинде 90 сотых жер бар, ал жерде мөмө-жемиш жана декоративдик көчөттөрдүн 20 түрү өстүрүлөт. Алардын бардыгы жергиликтүү базарда сатылат. Бүгүнкү күнгө 60 гектар жер гана пайдаланылууда, бирок калган 30 гектар аянтка көчөттөрдү көбөйтүү пландалууда.

“Токойго тиешелүү иштерди ыкчам башкаруу, өстүрүү, калыбына келтирүү, сапатын жогорулатуу, зыянкечтерден жана илдеттерден коргоо, бул токойчулардын жоопкерчилиги, ошондуктан токойлордун аянтын өнүктүрүү жана кеңейтүү зарыл”, – деди министр А. Джаныбеков.

Show More

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

Back to top button