Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Куланак насостук станциясынын баштапкы курулуш иштери аяктыда – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
ЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Куланак насостук станциясынын баштапкы курулуш иштери аяктыда

Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Джаныбековдун Нарын облусуна болгон иш сапарынын экинчи күнү боюнча маалымат.

2021-жылдын 29-майында, министр Аскарбек Джаныбеков Нарын районунун Кара-Кужур аймагындагы Лахол жана Жер-Көчкү айылдарынын аймагында жайгашкан «Тянь-Шань» мамлекеттик асыл тукум заводунда болду.

Завод 2010-жылы революция учурунда жергиликтүү тургундар тарабынан тонолгон, заводдун аймагында 6 миң 527 баш бодо мал болгон. Комбинат GFRE электр энергиясына карыз. Бүгүнкү күндө заводдо 1000 баш бодо мал багылууда, Совет мезгилинде малдын саны 8000 башка чейин жеткен.

21 гектар жер жергиликтүү тургундарга ижарага берилген. Чарбада айыл чарба жумуштары үчүн 44 гектар гана жер калган.

Асыл тукум чарбасынын иши менен таанышуу учурунда ишкананын башка көйгөйлөрүн чечүү менен катар малдын санын көбөйтүү маселелери талкууланды.

Андан соң Нарын облусунун Кара-Бук участкасында жүндү кайра иштетүүчү ишканасынын иши менен жеринен таанышты.

Ишкана 2019-жылы жеке ишкерлер А.Исаков менен К.Жакшылыковдун каражатына курулган. 2020-жылы Кыргыз-Орус Фонду тарабынан 8,5 миллион сом өлчөмүндө насыя бөлүнгөн. Ишкананы толук кандуу ишке киргизүү үчүн 22,5 миллион сом өлчөмүндө каржылык жардам талап кылынат. Ушул максатта ишкананын жетекчилиги ОРПС аркылуу ишке ашырылып жаткан ПОДР долбооруна катышкан.Экинчи этаптан өткөндөн кийин, долбоор эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу токтоп турат.

Ошондой эле, Куланак каналынын курулушу менен таанышты.

Куланак насостук станциясы 48 жылдан бери иштеп келет. Канал 5 миң гектар жерди үзгүлтүксүз сугат суусу менен камсыз кылып, дагы 2 миң гектар жерди өздөштүрө алат. Насостук станциянын эскилиги жеткендигине байланыштуу, бүгүнкү күндө насостук станцияда курулуш иштери кызуу жүрүп жатат. Бүгүнкү күндө баштапкы курулуш иштери аяктады.

Show More

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

Back to top button