Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Бир жумада экспорттун көлөмү 6 миң 178 тоннаны түздү – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Бир жумада экспорттун көлөмү 6 миң 178 тоннаны түздү

Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин кызматкерлери тарабынан 2023-жылдын 25-августунан 1-сентябрга карата республиканын чек арасында жана аймагында экспорттоолуучу 6 миң 178 тонна ата-мекендик айыл чарба продукциясына карантиндик фитосанитардык көзөмөл жүргүзүлдү. Экспорттук көлөмү боюнча:

1. Чүй облусунан 3 миң 715 тонна айыл чарба продукциясы экспорттолуп, 418 даана фитосанитардык сертификат жазылган. Ушул жумада Чүй облусунан 1081,4 тонна жашылча Россия, Казакстан, Польша өлкөлөрүнө экспорттолгон.  

2. Ош облусунан 1 миң 426 тонна айыл чарба продукциясы экспорттолгон, 89 даана фитосанитардык сертификат жазылган. Ушул жумада Ош облусунан 479 тонна жемиш Россия өлкөсүнө экспорттолгон.

3. Талас облусунан 490 тонна айыл-чарба продукциясы экспорттолуп, 76 фитосанитардык сертификат жазылган. Ушул жумада Талас облусунан 316 тонна жашылча Казакстан, Россия өлкөлөрүнө экспорттолгон.

4. Баткен облусунан 338 тонна айыл чарба продукциясы экспорттолгон, 12 даана фитосанитардык сертификат жазылган. Ушул жумада Баткен облусунан 123 тонна алма, 79 тонна сарымсак Өзбекстан өлкөсүнө экспорттолгон.

5. Жалал-Абад облусунан 154 тонна айыл чарба продукциясы экспорттолгон, 12 даана фитосанитардык сертификат жазылган. Ушул жумада Жала-Абад облусунан 32 тонна болгар калемпири (Россия), 35,8 тонна каперсы (Турция), 22,3 тонна пахта буласы  (Иран) өлкөлөрүнө экспорттолгон.

6. Ысык-Көл облусунан 54 тонна айыл чарба продукциясы экспорттолгон, 8 даана фитосанитардык сертификат жазылган. Ушул жумада Ысык-Көл облусунан13,3 тонна жемиш Казакстан, Россия өлкөлөрүнө жана 41 тонна жашылча Казакстан өлкөсүнө экспорттолгон.

Карантиндик фитосанитардык көзөмөлдүн жүрүшүндө товарлар ичине чейин тыкыр текшерилип, ташылып чыгарыла турган азыктардан үлгүлөр алынды, ТЭИ катышуучулары ЕАЭБдин бирдиктүү карантиндик фитосанитардык талаптарына ылайык ташуунун шарттарынын жана сактоо эрежелеринин аткарылышы менен таанышты.

Show More
Back to top button