Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Министр А. Джаныбеков АКШнын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси Доналд Лу мырза менен онлайн-конференция өткөрдү – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
ЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Министр А. Джаныбеков АКШнын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси Доналд Лу мырза менен онлайн-конференция өткөрдү

2021-жылдын 14-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри А. Джаныбеков Америка Кошмо Штаттарынын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси Доналд Лу мырза менен онлайн-конференция өткөрдү. Онлайн жолугушууга Кыргыз Республикасындагы  USAIDдин Экономикалык өнүгүү бөлүмунүн башчысы Ж. Темплтон жана USAIDдин Айыл чарба тармагындагы адиси Ч. Маматова катышты.

Министр келечекте Кыргыз Республикасы Америка Кошмо Штаттары менен айыл чарба жаатында кызматташтыкты бекемдеп, USAIDдин учурдагы жүргүзүп жаткан  “Дыйкандан дыйканга”, “Атаандаштыкка жөндөмдүү ишкана”, “Агросоода” долбоорлорун жогору бааларын жана бул тармакта “Агрогоризонт” долбоору ийгилик жаратканын билдирди.

Министр АКШнын элчиси Доналд Лу мырзага айыл чарба тармагында жүргүзүлүп жаткан реформалары, алдыда аткарыла турчу пландары менен бөлүштү.

Министр Аскарбек Джаныбеков агрардык тармактын экономикалык эффективдүлүгүн жогорулатуу максатында,  жакынкы арада донорлордун координациялык кеңешин  түзө турганын билдирди. Бул демилгени АКШнын элчиси да колдой турганын айтты.

А. Джаныбеков АКШнын айыл чарба министрлиги менен түз байланыш түзүү сунушун киргизип, чогуу иштөө механизмдерин талкуулашты. Элчи Доналд Лу бул маселени чечкенге жана эки тараптын жетекчилерин түз байланыштырып, айыл чарба тармагындагы реформаларды колдоо менен көмөк көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

Show More

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

Back to top button