Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Оруп-жыюу өнөктүгү тууралуу маалымат – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Оруп-жыюу өнөктүгү тууралуу маалымат

2023-жылы республика боюнча дан эгиндерин оруп-жыюу жумуштарына 1940 дан комбайндын 1590  катышып, өнөктүк бир калыпта жүрүп үзгүлтүккө учураган жок. Ысык-Көл, Нарын, Баткен жана Чүй облустарында дан комбайндарга болгон жумуштун көлөмү жогору болгондугуна байланыштуу Департаменттин кызматкерлери райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктарынын жана жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын өкүлдөрү менен биргеликте оруп-жыюу өнөктүгүндө комбайндарды дан эгиндеринин бышып жетилүүсүнө жараша аймактарга бирдей бөлүштүрүү боюнча мобилизациялоо иштерин жүргүзүштү. Оруп-жыюу өнөктүгүндө Чүй облусуна Ысык-Көл, Нарын облустарынан 150 ашык дан комбайндары тартылып, өнөктүк ийгиликтүү аяктады. Өлкөнүн түштүк аймагындагы оруп-жыюу өнөктүгүнө жалпы 400 жакын дан комбайндары катышып, анын ичинен 100 жакыны тоо этегиндеги дыйканчылык зоналарына тартылды. 2023-жылы 1 комбайнга туура келүүчү жумуштун көлөмү 253,4 гектарды түздү жана Ысык-Көл, Нарын облустарынан жана Суусамыр өрөөнүнөн башка аймактарда өнөктүк жыйынтыкталды.

Show More
Back to top button