Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Эл аралык кол өнөрчүлүк жана аквакультура жылы Бишкекте белгиленип жатат – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
Балык чарба департаментиЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Эл аралык кол өнөрчүлүк жана аквакультура жылы Бишкекте белгиленип жатат

2022-жылдын 18-майында, Бишкекте Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги Кыргыз Республикасындагы Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (ФАО) менен биргеликте “Балык чарбасы жана аквакультура-2022” Эл аралык кол өнөрчүлүк жылына арналган тегерек стол өткөрүүдө.

Бул тегерек стол, ошондой эле ЭАКӨжАЖ-2022 жеке сектордун, фермерлердин, эл аралык уюмдардын жана Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн ортосундагы диалогду кеңейтүү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү ачууга багытталган. Тегерек столдун программасынын тематикалык сессияларга бөлүнгөн, алар бүгүнкү күндө Кыргызстандын балык чарбасынын жана аквакультурасынын абалын, балык чарбасындагы ветеринария, илимий изилдөөлөр жана ассоциацияларды өнүктүрүү, жеке сектордун иштерин көрсөтүүгө багытталган.  

 “Бүгүнкү күндө биз дүйнөлүк тамак-аш системаларынын алдында турган бир катар негизги жана татаал көйгөйлөрдү көрүп жатабыз, анын ичинде ачарчылык, туура эмес тамактануудан келип чыккан оорулар, өсүп келе жаткан дүйнө калкын жетиштүү дени сак тамак-аш менен камсыз кылуу зарылчылыгы, тамак-аштын жоготуулары жана калдыктары, жаратылыш ресурстарынын түгөнүшү, климаттын өзгөрүшү, ошондой эле COVID-19 пандемиясы», – деди өз сөзүндө ФАОнун Кыргыз Республикасындагы өкүлүнүн орун басары Динара Рахманова.

Чакан балыкчылар, балык өстүрүүчүлөр жана балык чарбасында иш алып баруучулар балык продуктуларын өндүрүү, кайра иштетүү жана бөлүштүрүү ыкмаларындагы  өзгөрүүлөргө салым кошууда эбегейсиз потенциалга ээ, бул бүткүл дүйнөлүк тамак-аш системасына оң таасирин тийгизет. Ошондуктан өлкөнүн жана экономиканын туруктуу өнүгүүсү үчүн саясий чараларды калыптандырууда жана алардын күнүмдүк жашоосуна түздөн-түз таасирин тийгизген чечимдерди кабыл алууда ар бир адамдын үнү угулуп, эске алынышы абдан маанилүү.

«Биз ФАОго биздин өлкөдө балык уулоо тармагын өнүктүрүүгө көрсөткөн колдоосу жана жардамы үчүн ыраазычылык билдиребиз. Кыргыз Республикасы уникалдуу жаратылыш-климаттык шарттарга жана бай суу ресурстарына ээ, бул акыркы жылдарда аквакультуранын тез өнүгүшүнө алып келди. Чакан дыйкан чарбалары, балык өстүрүүчүлөр бай жаратылыш ресурстарын пайдаланып, көлмөлөрдү, бассейндерди куруп, балыктарды көбөйтүү менен азык-түлүк коопсуздугуна, суу сактагычтарыбыздын табигый ихтиофаунасын сактоого, балык продуктыларынын экспортунун өсүшүнө, жаңы жумушчу орундардын түзүлүшүнө, нарк чынжырын өнүктүрүү жана кластерлерди түзүү. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, бардык балык өстүрүүчүлөргө тармакты өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирүүгө жана БУУнун Башкы Ассамблеясын дүйнө калкын аквакультура өндүрүшү менен камсыздоого жана жакырчылыкты кыскартууга кошкон зор салымыңызды баалап, “2022-жылды Эл аралык кол өнөрчүлүк жана аквакультура жылы” деп жарыялоонусу менен куттуктайм. Бул тегерек стол жаңы максаттарга жетүү үчүн түрткү болоруна ишенем», – деди А.С. Джаныбеков, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министри.

Бул иш-чара Кыргызстанда аквакультураны жана балык чарбасын өнүктүрүү боюнча аракеттердин катализатору болуп саналат жана өлкөнүн туруктуу өнүгүүсү үчүн бул тармакты өрчүндөтүү маанилүүлүгүн эске салат.

Show More
Back to top button