Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Айыл чарба министринин орун басары М.А. Алияскаров кытай бизнесинин өкүлдөрү менен Кыргызстандан Кытайга экспортту илгерилетүү максатында жолукту – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
ЖаңылыктарЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Айыл чарба министринин орун басары М.А. Алияскаров кытай бизнесинин өкүлдөрү менен Кыргызстандан Кытайга экспортту илгерилетүү максатында жолукту

2023-жылдын 25-сентябрында айыл чарба министринин орун басары М.А. Алияскаров кытай бизнесинин өкүлдөрү менен Кыргыз Республикасынан Кытайга экспортту илгерилетүү максатында, ошондой эле 2023-жылдын 23-сентябрынан 29-сентябрына чейин Кытай Эл Республикасынын Пекин шаарында өтүп жаткан Глобалдык транспорттук саммит-2023 алкагында айыл чарба тармагындагы инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдүн презентациясы менен тааныштырды.

Жылуу жана конструктивдүү маанайда өткөн жолугушууда эки өлкөнүн айыл чарба байланыштарын чыңдоого жана бул жаатта өз ара пайдалуу өнөктөштүктү өнүктүрүүгө умтулуусу баса белгиленди. Министрдин орун басары М.А. Алияскаров кытайлык өнөктөштөрдүн Кыргызстандын айыл чарба продукцияларына болгон кызыгуусу үчүн ыраазычылык билдирип, эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык мамилелерди мындан ары өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Айыл чарба министринин орун басары М.А. Алияскаровдун презентациясы төмөнкүдөй суроолорду камтыды:

– Айыл чарба продукциясын экспорттоо

– Инвестициялык мүмкүнчүлүктөр

– Эки өлкөнүн ортосундагы логистика жана соода көлөмүн көбөйтүүгө жардам бере турган айыл чарба продукцияларын ташуу жаатында кызматташуу.

Жыйындын соңунда министрдин орун басары М.А. Алияскаров кыргыз тараптын айыл чарба тармагында Кытай Эл Республикасы менен кызматташууга жана өнөктөштүк мамилелерди мындан ары өнүктүрүүгө даяр экендигин баса белгиледи. Көптөгөн кытайлык ишкерлер ушул жылдын октябрынын аягында келүүнү каалашты.

Show More
Back to top button