Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Дыйкандарды сапаттуу үрөн менен камсыз кылуу максатында келишимдер түзүлдү – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Дыйкандарды сапаттуу үрөн менен камсыз кылуу максатында келишимдер түзүлдү

2024-жылдын 31-январында, Айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо департаментинин директору Б. Мамбетов Кыргызстандын үрөн ассоциациясы жана айыл чарба үрөндөрүн алып келүүчүлөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.

Жыйында республиканын айылдык товар өндүрүүчүлөрүн айыл чарба үрөндөрү менен камсыз кылуу үчүн импорттоонун актуалдуу маселелери талкууланып, кепилденген жогорку түшүм алуу үчүн фермерлер жана дыйкандар бир гана сертификатталган үрөндөрдү колдонуу менен ири үрөн ташып келүүчүлөргө мамлекеттик колдоо көрсөтүү чараларынын зарылдыгы жөнүндө маселелер көтөрүлдү.

Ошондой эле, 2024-жылдын жазгы айдап-себүү иштерине республиканын фермерлери жана дыйкандары негизги айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сапаттуу үрөндөрү менен өз убагында камсыздалаарын белгилейбиз.

Жолугушуунун жыйынтыгында ар бир үрөндүк материалды берүүчүлөр менен «Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөндөрүн жана отургузуу материалдарын алып келүү жаатында кызматташуу жөнүндө» меморандумдарга кол коюлду.

Show More
Back to top button