Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
«Кыргыз Республикасында Агро Бизнес аркылуу мамлекеттик-жеке диалогду чыңдоо»   – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
ЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

«Кыргыз Республикасында Агро Бизнес аркылуу мамлекеттик-жеке диалогду чыңдоо»  

             

Мамлекет менен жеке сектордун өз ара аракеттенүүсүн чыңдоо максатында Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү боюнча адистештирилген кеңеш түзүлүүдө, ал аймактардагы калкка  айыл чарба тармагындагы мамлекеттин демилгелери жөнүндө маалымат берүүгө көмөктөшөт, кластердик саясатты натыйжалуу ишке ашыруу жана айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча мамлекет менен бизнес-коомчулуктун натыйжалуу диалогун камсыз кылат.

Кеңеш бизнес коомчулугунун катышуусу менен Айыл чарба министрлигинин алдындагы борборлоштурулган орган катары иштейт. Кыргызстандын аймактарында бул аянтчага мамлекеттик органдардын жана бизнестин өкүлдөрү чогулат.

Кеңешти түзүүнүн алкагында 2-августта Баткен шаарында, 4-августта Ош шаарында, 5-августта Жалал-Абадда айыл чарба министри А.С. Джаныбековдун катышуусунда өтүүдө.

“Бүгүнкү күндө айыл чарба бизнеси менен Айыл чарба министрлигинин алдында айрым көйгөйлөр бар, алардын бири натыйжалуу диалогдун жана байланыштын жоктугу. Көбүнчө алыскы аймактар ​​көңүл бурулбай калып, борбордук деңгээлде көтөрүлгөн бардык демилгелер аймактарда натыйжалуу ишке ашырыла бербейт.

Министрлик жана бизнес-коомчулук мамлекет менен бизнестин, тактап айтканда аймактарда – Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү боюнча аймактык кеңешти түзүүнүн туруктуу диалогтук аянтчасын түзүү зарылчылыгын көрүштү.

Биз жагымдуу шарттарды түзүү үчүн бизнестен конкреттүү чечимдерди жана сунуштарды күтөбүз. Министрлик өз кезегинде жеке сектордун иштеп чыккан сунуштарын жеринде колдоого жана угууга даяр.

Бүгүнкү жолугушуунун алкагында бүгүнкү күнгө чейин белгилүү болгон көйгөйлөрдү чечүүнүн сунуш кылынган конкреттүү жолдорун угуу мен үчүн кызыктуу болот», – деп белгиледи А.С. Джаныбеков.

Иш-чарада министрликтин дыйкандарды тейлөөнү жакшыртуу боюнча пландары, аймактык кеңештин ишинин структурасы жана форматы айтылды.

Жолугушууларды ЖИА бизнес-ассоциациясы USAID “Агросоода” долбоорунун колдоосу менен өткөрүлүүдө.

Show More
Back to top button