Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Өрттү өчүрүүгө караганда алдын алуу оңой. ФАО уюмунун колдоосу менен Кавказ жана Борбор Азия боюнча эксперттер чегиртке зыянкечтерине каршы туруктуу күрөшүү чараларын талкуулоодо. – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
ЖаңылыктарЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктарӨсүмдүктөрдүн карантини департаменти

Өрттү өчүрүүгө караганда алдын алуу оңой. ФАО уюмунун колдоосу менен Кавказ жана Борбор Азия боюнча эксперттер чегиртке зыянкечтерине каршы туруктуу күрөшүү чараларын талкуулоодо.

Быйыл, 13-жылы зыяндуу чегирткелерге каршы “ФАОнун Кавказ жана Борбордук Азияда чегирткелерге каршы улуттук жана регионалдык күрөштү жакшыртуу боюнча программасынын” негизинде техникалык окуу семинар өтүүдө. Семирнар 2023-жылдын 20-ноябрынан 24-ноябрына чейин өтүп, ага Армения, Азербайжан, Грузия, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстандан жана Рассия Федерациясынан келген делегаттар чогулду.

Иш-чаранын максаты чегиртке зыянкечтерине каршы күрөшүү боюнча маалымат жана тажрыйба алмашуу жолу менен аймактык кызматташтыкты, ошондой эле кызыктар өлкөлөрдүн улуттук потенциалын чыңдоо болуп саналат. Атайын сессияда чегиртке менен күрөшүүдө биопестициддерди жайылтуу, ошондой эле аны колдонуу маселелери каралат. Түпкү максаты – калктын азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого салым кошуу болуп санат.
Кыргызстанда чегирткелердин биринчи төрөлүшү 2023-жылдын 1-апрелинде Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймагында катталган (өткөн жылга салыштырмалуу 10 күн эрте). 2023-жылдын 30-августтунда чегирткелерге каршы химиялык дарылоо аяктаган. Ошондой эле, Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин адистери жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү менен биргеликте республика боюнча 90 780 га айыл чарба жерлерине чегирткелердин личинкаларын табуу боюнча изилдөө иштерин жүргүзүштү, анын ичинен чегиртке курт-кумурскалары отурукташкан аянт – 63 950 га түзсө, 63 010 га аян тазаланган. Облустар боюнча алып караганда Жалал – Абад облусунда – 14 000 га, Баткен облусунда – 17 600 га, Ош облусунда-6500 га, Чүй облусунда-4380 га, Нарын облусунда – 20 530 га.

Show More
Back to top button