Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Карантинге алынуучу продукциянын экспорту – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Карантинге алынуучу продукциянын экспорту

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин кызматкерлери тарабынан 2023-жылдын 7-июлунан 14-июлуна карата республиканын чек арасында жана аймагында экспорттоолуучу 8 миң 839 тонна ата-мекендик айыл чарба продукциясына карантиндик фитосанитардык көзөмөл жүргүзүлдү. Экспорттук көлөмү боюнча:

1. Чүй облусунан 6 миң 429 тонна айыл чарба продукциясы экспорттолуп, үлгүлөр тиешелүү фитосанитардык лабораторияларга тапшырылып, жыйынтыгында карантиндик зыяндуу организм тастыкталбагандан соң, 605 даана фитосанитардык сертификат жазылган. Ушул жумада Чүй облусунан эң көп экспорттолгон продукция: жашылчалар-2588 тоннаны түзүп, Россия, Казакстан, Польша, Украина, Беларусия жана Афганистан өлкөлөрүнө экспорттолгон.

2. Ош облусунан 1 миң 586 тонна айыл чарба продукциясы экспорттолуп, үлгүлөр тиешелүү фитосанитардык лабораторияларга тапшырылып, жыйынтыгында карантиндик зыяндуу организм тастыкталбагандан соң, 95 даана фитосанитардык сертификат жазылган. Ушул жумада Ош облусунан мөмө-жемиштер 971 тоннаны түзүп, Россия өлкөсүнө экспорттолгон.

3. Талас облусунан 448,43 тонна айыл-чарба продукциясы экспорттолуп, үлгүлөр тапшырылып, жыйынтыгында карантиндик зыяндуу организм тастыкталбаган соң, 73 даана фитосанитардык сертификат жазылган. Ушул жумада Талас облусунан буурчак өсүмдүктөрү 242 тоннаны түзүп, Россия, Сербия, Македония жана Иран өлкөлөрүнө экспорттолгон.

4. Жалал-Абад облусунан 312,3 тонна айыл чарба продукциясы экспорттолуп, үлгүлөр тиешелүү фитосанитардык лабораторияларга тапшырылып, жыйынтыгында карантиндик зыяндуу организм тастыкталбаган соң, 22 даана фитосанитардык сертификат жазылган. Ушул жумада Жалал-Абад облусунан каперсы 160 тонна Турцияга, кургатылган жемиштер 38 тонна Германия жана Россия өлкөлөрүнө экспорттолгон.

5. Баткен облусунан 63 тонна айыл чарба продукциясы экспорттолгон, үлгүлөр тиешелүү фитосанитардык лабораторияларга тапшырылып, жыйынтыгында карантиндик зыяндуу организм тастыкталбаган соң, 3 даана фитосанитардык сертификат жазылган. Ушул жумада Баткен облусунан сарымсак 22 тонна, картошка 22, жаңгак 19 тонна Өзбекстан өлкөсүнө экспорттолгон.

6. Ысык-Көл облусунан 1,139 тонна айыл чарба продукциясы экспорттолгон, үлгүлөр тиешелүү фитосанитардык лабораторияларга тапшырылып, жыйынтыгында карантиндик зыяндуу организм тастыкталбаган соң, 3 даана фитосанитардык сертификат жазылган. Ушул жумада Ысык-Көл облусунан даары чөптөр 0,949 тонна Россия өлкөсүнө жана мөмө-жемиштер 0,19 тонна Казакстан өлкөсүнө экспорттолгон.

Карантиндик фитосанитардык көзөмөлдүн жүрүшүндө товарлар ичине чейин тыкыр текшерилип, ташылып чыгарыла турган азыктардан үлгүлөр алынды, ТЭИ катышуучулары ЕАЭБдин бирдиктүү карантиндик фитосанитардык талаптарына ылайык ташуунун шарттарынын жана сактоо эрежелеринин аткарылышы менен таанышты.

Show More
Back to top button