Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Россия Федерациясынын Экономикалык өнүгүү министрлиги сүт азыктарын идентификациялоо жолу менен маркировкасын киргизүүнү кийинкиге калтыргандыгын жарыялады – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Россия Федерациясынын Экономикалык өнүгүү министрлиги сүт азыктарын идентификациялоо жолу менен маркировкасын киргизүүнү кийинкиге калтыргандыгын жарыялады

Россия Федерациясынын  Экономикалык  өнүгүү министрлиги сүт азыктарын идентификациялоо жолу менен маркировкасын киргизүүнү кийинкиге калтыргандыгын жарыялады. Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-апрелиндеги № 792-р буйругу менен идентификация каражаттары менен милдеттүү түрдө маркаланууга тийиш болгон товарлардын тизмеси бекитилген.  Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-мартындагы № 806-р буйругу менен “сүт азыктарын” товардык топтун маркировкасы этап-этабы менен 2021-жылдын 20-январынан баштап, бирок 2021-жылдын 1-октябрынан кечиктирилбестен киргизилет.

Ошентип, эгер сүт азыктары Россия Федерациясына ЕАЭБ өлкөлөрүнөн (Беларуссия, Армения, Казакстан, Кыргызстан) импорттолсо, анда мындай азыктар жүгүртүүгө чыгарылат жана импорттолуп жаткан учурда жеткирүүчү/импорттоочу тарабынан белгиленет, бирок Россия Федерациясынын аймагынан тышкары.

ЕАЭБге мүчө ар бир мамлекетте маркаланган товарларга маркировкалоо жана байкоо жүргүзүү тутумунун улуттук оператору бар. Кыргыз Республикасында “Альфа Телеком” ЖАК улуттук оператор катары аныкталган.

 ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорттоочу  Кыргыз Республикасынын сүт өндүрүүчүсү сүт азыктарын идентификациялык каражаттар менен маркалоо үчүн өндүрүүчү ишканаларында тиешелүү жабдуулар менен жабдылышы керек.

Кошумча маалымат алуу үчүн, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин салык саясаты бөлүмүнө 312620535 телефону аркылуу (ички 294), же Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин ЕАЭБ иштери боюнча бөлүмүнө 312623644 телефону аркылуу кайрылылса болот.

Show More

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

Back to top button