Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Ветеринардык дары-дармек каражаттарынын мал чарбачылыгында колдонуу маселеси – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
ЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Ветеринардык дары-дармек каражаттарынын мал чарбачылыгында колдонуу маселеси

Ветеринардык дары-дармек каражаттарынын мал чарбачылыгында колдонуу маселеси боюнча, бүгүнкү күндө антибиотиктердин туруктуулугу мал чарбачылыгындагы эң олуттуу көйгөй болуп саналат.

Туруктуулук (Резистентность) – бул организмдин ар кандай факторлордон каршылыгы – инфекциялардын, уулардын, булгануунун, мителердин жана башкалардын таасирине туруктуулугу болуп саналат, атап айтканда, тубаса иммунитеттин каражаттары «спецификалык эмес каршылык» деп аталат.

Бүгүнкү күндө бул азык-түлүктөрдү, жаныбарларды өндүрүүнүн жашоо циклинин ар кандай этаптарында алынган көп сандагы штаммдар топтолуп жатат, жыйынтыгында бизге тамак-аш менен кошулуп организмге кирүдө.

Антибиотиктерге туруктуулукту төмөндөтүү максатында Ветеринардык дары-дармек каражаттарын жана тоют кошумчаларын каттоо жана сертификаттоо боюнча департаменти иш алып барып келет. Мамлекеттик ветеринардык инспекция менен бирдикте ветеринардык дары-дармек каражаттарына байкоо жүргүзүүнүн маалыматтык системасы иштелип чыккан, бул системада малдын организмине дары-дармекдер колдонулгандан баштап, калдыктарынын чыгуу мөөнөттөрүнө чейин көзөмөлдөнүп турат.

Антибиотиктерди колдонуудан мурун ветеринарга кайрылуу зарыл, колдонгондон кийин организмден чыгуусунун белгиленген убактысына чейин кутуу абзел.

Show More
Back to top button