Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Кыргызстан балык жана балык азыктарын Казакстан Республикасына чектөөсүз экспорттой алат – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Кыргызстан балык жана балык азыктарын Казакстан Республикасына чектөөсүз экспорттой алат

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Балык чарба департаменти атамекендик товар өндүрүүчүлөрдү, анын ичинде балык чарба субъектилерин колдоо максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 16-мартындагы №112-р сатып алуулар жөнүндө тескемеси кабыл алынганын  маалымдайт.

– форель балыгынын тазаланган, жаңы тоңдурулган же муздатылган түрү (1 кг же андан жогорку салмакта);

– ONCORHYNCHUS MYKISS түрүндөгү жаңы же муздатылган жана башы, бакалоору менен ар биринин салмагы 1-2 килограммдан ашкан, же башы, бакалоору жана ичегиси жок (1 килограмм же андан жогору салмакта) тазаланган форель балыгы;

– ONCORHYNCHUS MYKISS түрүндөгү ар биринин салмагы (400 грамм жана андан жогорку салмактагы) тоңдурулган форель филеси. Ата мекендик бир өндүрүүчүдөн.

Кайра иштетүүчүлөрдү жана экспорттоочуларды колдоо максатында 2023-жылдын 10-мартында Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринария кызматы Өзбекстан Республикасынын Ветеринария жана мал чарбасын өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комитетине ата мекендик 12 балык чарбасын Өзбекстан Республикасынын мамлекеттик комитети тарабынан контролдонуучу “балык” жана “балык продуктулары” продукциясын өндүрүү, кайра иштетүү жана сактоо менен алектенген уюмдардын реестрине киргизүү өтүнүчүн камтыган расмий кат жөнөткөн.

Ошондой эле бүгүнкү күндө ишканалар балык жана балык азыктарын Казакстан Республикасына чектөөсүз экспорттой аларын билдирет.

Show More
Back to top button