Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Некролог – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Некролог

2024-жылдын 7-январында узакка созулган оорудан кийин 79 жаш курагында көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген куруучусу Жеңишбек Бекболотов каза болду.

Жеңишбек Бекболотов 1945-жылдын 15-майында Ош облусунун Жаңы-Жол районундагы Караван айылында туулган. 1969-жылы Ташкент политехникалык институтун аяктап, “инженер куруучу – технолог” адистигин алган.

Жеңишбек Бекболотов мамлекеттик кызматта узун эмгек жолун катардагы заводдун мастеринен Өкмөттүн мүчөсүнө жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатына чейин басып өткөн.

1986-жылдан 1990-жылга чейин Кыргыз ССРинин Эл депутаттары Кеңешинин Ош аткаруу комитетинин төрагасы болгон.

1990-жылдан 1994-жылга чейин Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин 12-чакырылышынын “Легендарлуу парламенттин” депутаты болуп шайланган.

1996-жылдан 1999-жылга чейин Кыргыз Республикасынын суу чарба министри кызматын аркалаган.

Жалал-Абад облусунун Аксы районунун администрациясынын башчысы – акими болуп иштеген.

Техникалык илимдердин кандидаты, курулуш, ирригацияда жана суу пайдалануу чөйрөсүндө илимий эмгектердин жана көптөгөн ойлоп табуулардын автору болгон.

Көп жылдык жемиштүү эмгеги, курулуш, айыл жана суу чарба чөйрөсүндө өзгөчө жетишкендиктери үчүн мамлекеттик жана тармактык сыйлыктар менен бааланган, анын ичинен “СССР элдеринин достугу” ордени, Кыргыз Республикасынын “Даңк” медалы, “Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген ишмери” наамы менен сыйланган. Кыргыз Республикасынын техника жана илим жаатында Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты болгон.

Жеңишбек Бекболотов өлкөнүн курулуш, айыл жана суу чарба чөйрөсүн жакшыртуу жана өнүктүрүүдө көрүнүктүү салым кошкондугу үчүн Кыргызстандын тарыхында мамлекеттик жана коомдук ишмер катары калат.

Үй-бүлөсүнө, жакын туугандарына терең көңүл айтабыз, алар менен орду толгус жоготууну тең бөлүшөбүз.

Жеңишбек Бекболотовдун инсандык касиети жана сиңирген эмгектери жөнүндө жаркын элеси бардыгыбыздын жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат.

А.У. Жапаров, С.С. Касмамбетов, Э.Ж. Байсалов, А.Дж. Жунушалиев, А.Н. Исанов, М.К. Укушов, А.К. Осмонов, А.Н. , Д.Т. Орунбеков, Абдылдаева, К.К. Иманалиев, Д.Ж. Амангельдиев, Т.Ч. Чынгышев, У.А. Усеков, Р.С. Татиков, К.О. Иманалиев, И.С. Болжурова, Т.А. Джунушев, Т.А. Абдырахманов, Н.А. Дооранов, И.С. Шатманов, М.К. Керимкулова, В.Ж. Керималиева, И.Б. Аденов, Ж.Т. Жылкычиева, Б.Э. Төрөбаев, М.С. Раматов, С.Н. Насирдинов, М.А. Алияскаров, А.А. Туйбаева, А.Т. Сокеев, А.Ш. Джайлообаев, В.Г. Гудник.

Show More
Back to top button