Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Балык чарба фондунун курамына кирген табигый жана жасалма суу сактагычтарды колдонууга берүү боюнча сынак өткөрүлдү – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
ЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Балык чарба фондунун курамына кирген табигый жана жасалма суу сактагычтарды колдонууга берүү боюнча сынак өткөрүлдү

КРнын Айыл чарба министрлигинин Балык чарба департаменти республиканын балык чарба фондунун негизги пайдалануучусу катары, юридикалык жана жеке жактарга Кыргыз Республикасынын балык чарба фондунун курамына кирген табигый жана жасалма суу сактагычтарды колдонууга берүү боюнча сынак өткөрдү.

2021-жылы сынакка 39 көлмө коюлуп, анын ичинен 29 көлмөгө документтер тапшырылган. Баалоо критерийлеринин негизинде эң көп упай алган жеңүүчүлөр аныкталган:

– Чүй облусунда 15 көлмө сынака коюлуп, 13 көлмөгө документтер тапшырылып, 13 катышуучу жеңүүчү деп табылды;

– Ысык-Көл облусу боюнча 8 көлмө сынака коюлуп, 3 көлмөгө документтер тапшырылып, 3 катышуучу жеңүүчү деп табылды;

– Нарын облусу боюнча 1 көлмө сынака коюлуп, 1 катышуучу жеңүүчү деп табылды;

– Ош облусу боюнча 2 көлмө сынака коюлуп, 1 көлмөгө документтер тапшырылып, 1 катышуучу жеңүүчү деп табылды;

– Жалал-Абад облусу боюнча 11 көлмө сынака коюлуп, 10 колмөгө документтер тапшырылып, 10 катышуучу жеңүүчү деп табылды;

– Талас району боюнча 2 көлмө сынака коюлуп, 1 көлмөгө документтер тапшырылып, 1 катышуучу жеңүүчү деп табылды.

Show More
Back to top button