Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Эттин айрым түрлөрүн ташып келүүгө тарифтик квота көлөмдөрүн бөлүштүрүүгө билдирмелерди кабыл алуу башталды – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Эттин айрым түрлөрүн ташып келүүгө тарифтик квота көлөмдөрүн бөлүштүрүүгө билдирмелерди кабыл алуу башталды

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 29-декабрындагы № 889 “Кыргыз Республикасына эттин айрым түрлөрүн ташып келүү үчүн тышкы соода катышуучуларынын ортосунда тарифтик квоталардын көлөмдөрүн бөлүштүрүүнүн эрежелерин бекитүү жөнүндө” токтомун аткаруу максатында, Евразия экономикалык комиссиясынын 2022-жылдын 23-августундагы № 119 Коллегия чечими менен  
эттин айрым түрлөрүн ташып келүүгө тарифтик квота көлөмдөрүн бөлүштүрүүгө 2023-жылдын 2-этабынын калдыктары үчүн билдирмелерди кабыл алуу башталганын жарыялайт. Арызды кабыл алуу мөөнөтү  2023-жылдын 25-апрелине чейин.

Эттин айрым түрлөрүнө тарифтик квоталардын көлөмүн бөлүштүрүү үчүн  зарыл болгон документтердин тизмеси:

  1. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине жолдонгон тарифтик квоталарды бөлүп берүү жөнүндө кат;

2.         Белгиленген үлгү боюнча таризделген  өтүнмө (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 29-декабрындагы № 889 токтому менен бекитилген  “Кыргыз Республикасына эттин айрым түрлөрүн ташып келүү үчүн тышкы соода ишинин катышуучуларынын ортосунда тарифтик квоталардын көлөмдөрүн бөлүштүрүүнүн эрежелери” тиркемесине ылайык);

3.         Тышкы соода келишиминин (контракттын) көчүрмөсү, ага тиркеме жана (же) аны толуктоочу документ  (бир жолку лицензия үчүн), ал эми тышкы соода келишими (контракт) жок болгон учурда тараптардын ниетин ырастаган башка документтин көчүрмөсү;

4.         Мамлекеттик каттоо тууралуу документтин көчүрмөсү;

5.         Арыз берүүчү жана (же) ишенимдүү адамдын паспортунун көчүрмөсү;

6.         Ишеним кат;

7.         Айыл чарба министирлигине караштуу Ветеринария кызматынын ишканаларынын реестринен көчүрмө (түп нускасы);

8.         Документ тиркелүүчү папка.

Show More
Back to top button