Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Россиядан Кыргызстанга жогорку түшүмдүү дан өсүмдүктөрүнүн үрөндөрүн алып келүү пландалууда – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Россиядан Кыргызстанга жогорку түшүмдүү дан өсүмдүктөрүнүн үрөндөрүн алып келүү пландалууда

Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Джаныбеков Россия Федерациясына болгон иш сапарынын алкагында, Россиянын “Үрөндөр” ассоциациясынын президенти Иван Кузьмин менен жолукту.

Жолугушуунун жүрүшүндө, Кыргызстанга жогорку түшүмдүү дан өсүмдүктөрүнүн үрөндөрүн, рапс, күн карама жана сафлорду жеткирүү жана КМШ өлкөлөрүндөгү селекция, үрөн өстүрүү, питомниктерди өстүрүү маселелери талкууланды.

Жолугушуунун жыйынтыгында, Россиянын “Үрөндөр” ассоциациясынын президенти Иван Кузьмин Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги менен биргеликте селекция, үрөн өстүрүү жана питомник чарбасын өнүктүрүү жаатында даяр экендигин билдирди. Ошондой эле, бул багытты өнүктүрүүнү так жана кеңири талкуулоо үчүн, Россия Федерациясынын алдыңкы үрөнчүлүк чарбаларынын башчылары, селекционерлери менен биргеликте Бишкеке келүүгө даяр экендигин кошумчалады.

Show More

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

Back to top button