Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Айыл чарба министрлигинин алдындагы кластердик өнүктүрүү кеңешинин жыйынын өттү. – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
ЖаңылыктарЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Айыл чарба министрлигинин алдындагы кластердик өнүктүрүү кеңешинин жыйынын өттү.

Бүгүн 18-ноябрда Айыл чарба министрлигинин алдындагы кластердик өнүктүрүү кеңешинин жыйынын өттү.

Жыйынга Кеңештин мүчөлөрү, тиешелүү мамлекеттик органдардын, бизнес коомчулуктун өкүлдөрү, кластердик бирикмелердин, катышуучу банктардын (Айыл банк ААКсы, РСК банк) жетекчилери катышты.

Кеңештин жыйыны 2022-жылдын жана 2023-жылдын 10 айынын жыйынтыгы боюнча “КАПК” долбоорунун алкагында жеңилдетилген кредиттерди пайдалануунун натыйжалуулугу, жеңилдетилген кредит алуунун шарттары, кластерлердин ортосунда өздөштүрүлбөгөн финансылык каражаттарды кайра бөлүштүрүү, ошондой эле 2026-жылга чейинки максаттар, пландар тууралуу маселелерди талкуулоо максатында өткөрүлдү.

Бүгүнкү күндө ишканалардын, бизнес-коомчулуктардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен 16 кластердик бирикмелер (сүт, эт, кант, жумуртка, жашылча, жемиш, картошка, өсүмдүк майы, дан өсүмдүктөрү, балык, пахта, жүн жана тери, бал, буурчак өсүмдүктөрү, жаңгак-жемиш өсүмдүктөрү (жаңгак жана токой продукциясынын башка түрлөрү) жана органикалык өндүрүш) түзүлдү.

Кластердик бирикмелердин негизги катышуучулары жана кредит алуучулар болуп фермерлер, Айыл чарба кооперативдери, дыйкан (фермер) чарбалары, асыл тукум жана үрөн чарбалары, кайра иштетүүчү ишканалар, соода-логистикалык борборлор жана чийки затты жеткирүүчүлөр эсептелет. 10.11.2023-жылга карата 10 312,2 млн сом бөлүнүп, анын ичинен 5 974, 6 млн сом 4143 субъект үчүн: 58 агрегатор – 2299,8 млн сом, 3583 Айыл чарба өндүрүүчүлөрү – 2294,5 млн сом.

Show More
Back to top button