Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Тамак-аш кошулмаларынын жана ароматизаторлордун коопсуздугу боюнча семинар өтөт – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Тамак-аш кошулмаларынын жана ароматизаторлордун коопсуздугу боюнча семинар өтөт

Министрлик 17-апрелде Бишкек убактысы боюнча саат 13.00дө видеоконференция режиминде Бажы бирлигинин «Тамак-аш кошулмаларына, ароматизаторлорго коопсуздук талаптары» техникалык регламентине Евразия экономикалык комиссиянын Кеңешинин 2023-жылдын 29-августундагы № 84 чечими менен кабыл алынган жана 2024-жылдын 27-февралында күчүнө кирген № 2 өзгөртүүлөр боюнча маалыматтык түшүндүрүү семинары өтөрүн маалымдайт.

Бул семинар тамак-аш кошулмаларын, ароматизаторлорду жана технологиялык каражаттарды колдонгон тамак-аш ишканаларынын өкүлдөрүн кызыктырат.

Кызыккандар +996312626376 жана +996557557529 (WA) телефондору аркылуу байланыш шилтемесин ала алышат.

Show More
Back to top button