Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Ак шекерди жана чийки шекерди убактылуу тарифтик арзандатуу – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
ЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Ак шекерди жана чийки шекерди убактылуу тарифтик арзандатуу

менен ташып келүү

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 2021-жылдын 2-декабрындагы № 140 “Ак кантка жана чийки камыш кантына карата Бажы бирлигинин комиссиясынын айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” чечиминин негизинде, Кыргыз Республикасынын аймагына үчүнчү өлкөлөрдөн убактылуу тарифтик жеңилдикти колдонуу менен ак кантты жана иштетилбеген камыш кантын ташып келинүүгө документтерди кабыл алат.

Керектүү документтердин тизмеси:

 – байланыш маалыматтары менен бланктагы арыз;

– уставдын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү, юридикалык жактын мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүгү же жеке ишкердин (жеке жактын) мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүгү;

– ак кантты, иштетилбеген кантты жеткирип берүүгө контракттын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;

– контракт боюнча төлөнгөнүн же контракт боюнча товардын жүктөп жөнөтүлгөнүн ырастоочу документтин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;

– продукциянын Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламентинин талаптарына шайкештиги жөнүндө декларациянын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;

– ташып келинүүчү ак кантты жана иштетилбеген кантты максаттуу пайдалануу жөнүндө милдеттенме;

– документтер өкүлү аркылуу берилген учурда – ишеним кат, өкүлдүн паспортунун көчүрмөсү;

— байлагыч (скорошиватель).

Кошумча маалымат алуу үчүн Азык-түлүк коопсуздугу бөлүмүнө кайрылыңыздар, телефон номерлери: +996312623644, +996997777384, +996999766655.

Show More
Back to top button