Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги токойлорго санитардык кыюуну жүргүзүүнүн негизги эрежелерин түшүндүрөт – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
ЖаңылыктарЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги токойлорго санитардык кыюуну жүргүзүүнүн негизги эрежелерин түшүндүрөт

Токой кыюуларын жүргүзүү биологиялык жактан туруктуу, жогорку өнүмдүү чарбалык баалуу бак-дарактарды калыптандырууга, чөйрөнү коргоочу ,социалдык  жана экологиялык функциаларын сактоого жана күчөтүүгө, ошондой эле өз убагында жыгач алууга багытталган маанилүү иш-чаралар болуп саналат.

Токойлордо токойду өстүрмө жана багуу иретинде кыюулар, санитардык кыюулар, анча баалуу эмес токойлорду жана коргоочу жана башка функцияларын жоготкон бак-дарактарды реконструкциялоого багытталган кыюулар жана токойлорду бутактардан, кулаган дарактардан тазалоо (очистка) жүргүзүлөт.

Токой кыюуларын жүргүзүү үчүн төмөндөгүдөй иш-чаралар аткарылат:

– кыюу пландарына ылайык токой жайгаштыруу материалдарынын жана токой паталогиялык изилдөөлөрүнүн корутундуларынын негизинде кыюуга же тазалоого карата дайындалган токой участокторуна талдоо жүргүзүү, токой кыюунун түрүн аныктоо;

– токойдун кыйылуучу жерин бөлүү, аспаптык сүрөткө тартуу, мамылоо;

– кыюуга белгиленүүчү дарактарды аныктоо, номерлөө, өлчөө, сортименттерге бөлүштүрүү;

– кыюуга чыгарылган бөлүктүн кыюунун түрүнө карата иш кагаздарын даярдоо ( кыйылуучу токойду бөлүп алуу актысы, эсептөө ведомостору, материалдык-акчалай баалоо ведомосту, технологиялык карта, жыйынтык ведомосту, кыюу долбоорлору).

Show More
Back to top button