Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Февралдан тарта дыйкан-фермерлерге жеңилдетилген насыялар бериле баштайт – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Февралдан тарта дыйкан-фермерлерге жеңилдетилген насыялар бериле баштайт

“Айыл чарбасын каржылоо” долбоорун ишке ашырууну улантуу максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 26-январындагы №22-т тескемеси менен “Айыл чарбасын каржылоо – 12” долбоору кабыл алынды.

Бул долбоорду ишке ашырууга мамлекеттик 2 коммерциялык банкы катышууда, кредиттөөнүн көлөмү 7 000 000 000 (жети миллиард) сомду түздү.

Долбоордун алкагында 2 багыт боюнча насыя каралган.

1. “Мал чарбачылыгы” категориясына төмөнкү чарба субъекттери кирет:

– бодо мал өстүрүү;

– кой, эчки, жылкы, коён өстүрүү;

– канаттууларды (тоок, өрдөк, каз, төө куш, бөдөнө жана башка айыл чарба канаттууларын) өстүрүү.

2. “Өсүмдүк өстүрүү”  категориясына төмөнкү чарба субъекттери кирет:

– дан өсүмдүктөрүн өстүрүү;

– буурчак өсүмдүктөрүн өстүрүү;

– техникалык өсүмдүктөрүн өстүрүү;

– жашылчаларды, бакча өсүмдүктөрүн өстүрүү;

– мөмө-жемиштерди өсүмдүктөрүн өстүрүү;

– пахта өсүмдүктөрүн өстүрүү;

– питомниктин меме-жемиштерин өстүрүү;

– тоют өсүмдүктөрүн өстүрүү;

– сугаруунун сууну үнөмдөөчү технологияларын колдонуу (тамчылатып сугаруу, жамгырлатуу);

– күнөскана чарбасын жүргүзүү.

Show More
Back to top button