Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Эксплуатациялык иш чаралардын аткарылышы – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
ЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Эксплуатациялык иш чаралардын аткарылышы

2021-жылдын 22-декабрына карата оперативдик маалымат боюнча, эксплуатациялык иш-чаралардын аткарылышы 731,1 млн.сомго, анын ичинен мамлекеттик объектилерде 144,5 млн.сомго оңдоп-түзөө иштери аткарылган. Бул каражатка 439,0 км узундугундагы каналдарында оңдоо жана механизациялык тазалоо иштери жүргүзүлгөн, 620 гидротехникалык курулмалар, 540 суу өлчөөчү посттор, 101 насостук станциялар оңдолгон.

Өлкөдө мелиоративдик абалды жакшыртуу максатында, 2021-жылы 18522,5 миң сомго оңдоп-түзөө иштерин аткаруу мерчемделүүдө, жыйынтыгында 1574 га айдоо аянттын мелиоративдик абалы жакшыртылат.

2021-жылдын 22-декабрына карата 55,1 км коллектардык-дренаждык түйүнүндө механизациялык жол менен тазалоо жана оӊдоо иштери жүргүзүлүп, жыйынтыгында 1102 га айдоо аянттын мелиоративдик абалы жакшыртылган.

2021-жылдын апрель-июль айларында узакка созулган нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен сугат мезгилине даярдалган мамлекеттик ирригациялык объектилер кыйроолорго учурады. Республика боюнча 2021- жылы 34 мамлекеттик ирригациялык объектиде сел-кыяндан улам кыйроолор болуп, 25,0 млн.сомдук залал алып келди. Биринчи кезектеги калыбына келтирүү жумуштары аткарылып, суугат суусу убагында берилди.

Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин боюнча мамлекеттик ирригация тармактарын 2022-жылдын сугат мезгилине даярдоо үчүн 345,5 км чарба аралык каналдарды оңдоо, 404,8 км чарбалар аралык каналдарды механизмдер менен шилендилерден (нанос) тазалоо, 1092 даана гидротехникалык курулмаларды, 1046 даана суу өлчөөчү постторду, 106 даана насостук станцияларды, 18 даана скважиналарды оңдоо каралды

Show More
Back to top button