Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Өкмөттөр аралык кыргыз-орус комиссиясынын отуруму жөнүндө пресс-релиз – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Өкмөттөр аралык кыргыз-орус комиссиясынын отуруму жөнүндө пресс-релиз

            2020-жылдын 22-сентябрында, Бишкек шаарында, соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-орус комиссиясынын 22-жыйыны болуп өттү жана ага Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин атынан  министрдин орун басары А.Исаев катышты.

            Жогоруда айтылгын  комиссиянын алкагында эки тараптуу кызматташуу маселелери, эки мамлекеттин ортосундагы өз ара аракеттешүүнүн абалы жана келечеги жана өз ара сооданы, анын ичинде айыл чарба жаатында көбөйтүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

           Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын 22-жыйынынын ишинде тараптар айыл чарбасын өнүктүрүүнүн эң актуалдуу маселелерин талкуулашты. Алардын эң маанилүүлөрүнүн бири болуп агрардык секторду заманбап шаймандар менен камсыз кылуу жана Россия Федерациясынын өндүрүүчүлөрүнүн айыл чарба шаймандарын Кыргыз Республикасында көлөмүн көбөйтүү маселеси каралды. Ошондой эле, Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын Өкмөттөрүнүн ортосунда балык чарбасы тармагында кызматташуу жөнүндө келишимге кол коюуу макулдашылды. Жогоруда айтылган келишим балык чарба тармагында  мамилелерибизди чыңдоого мүмкүндүк берет жана аквамаданият менен балык чарбасын өнүктүрүүгө түрткү болот деп ойлойм.

Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын 22-жыйынынын жыйынтыгы боюнча, тараптар айыл чарба жаатындагы кызматкерлердин кадрдык потенциалын жогорулатууга өзгөчө көңүл бурушту жана Кыргыз Республикасынын аймагында илимий-методикалык окууларды улантуу, уюштуруу жана өткөрүү маселелерин талкуулашты.

2021-жылы Бишкек жана Ош шаарларындагы лабораториялардын базасында карантиндик фитосанитардык көзөмөлдү (көзөмөлдү) жүзөгө ашыруу жана карантинге алынган продукцияны, жөнгө салынуучу объектилерди дезинфекциялоо боюнча тажрыйба алмашуу макулдашылды.

Россия Федерациясынын ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл боюнча федералдык кызматы менен кызматташуунун дагы бир багыты – бул фитосанитардык документтерди берүү жагынан Элек-Фито маалымат тутумун жана Аргус-Фито Федералдык Мамлекеттик системасын интеграциялоо.

         Жыйынтыгында, кыргыз-орус соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча 22 жыйынын ишинде каралган маселелер бирдиктүү жыйынтык берээрин белгилешти.

Show More

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

Back to top button