Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Азык түлүк коопсуздугу боюнча эл аралык конференцияда талкууланган маселелер – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Азык түлүк коопсуздугу боюнча эл аралык конференцияда талкууланган маселелер

2023-жылдын 7-8-сентябрь күндөрү Өзбекстандын Самарканд шаарында өзбек тарап БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмуну (ФАО) менен биргеликте уюштуруп жаткан Азык түлүк коопсуздугу боюнча эл аралык конференциясына Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министри Аскарбек Джаныбеков катышты.

Аталган конференциянын өткөрүү максаты азык-түлүк коопсуздугун чыңдоо үчүн дүйнөлүк лидерлердин жана эксперттердин аракеттерин бириктирүү менен бирге эл аралык коомчулуктун көңүлүн азык-түлүк системасын өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүнө жана андагы көйгөйлөргө буруу болмокчу.

Форумдун алкагында Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министри Аскарбек Сапарбекович Түркиянын Айыл чарба жана токой министри Ибрагим Юмаклы, Катардын Муниципалитет жана экология министри Абдулла бин Абдулазиз бин Турки Аль-Субайи менен, ошондой эле Бириккен улуттар уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) Айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча эл аралык фондунун аймактык директору Дина Салех менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.

Эки тараптуу жолугушуулардын жүрүшүндө айыл чарбасын өнүктүрүү, ошондой эле азык-түлүк коопсуздугу жаатында кызматташуу маселелери талкууланды.

Форумдун жыйынтыгында азык-түлүк коопсуздугу боюнча Самарканд декларациясы кабыл алынып, эл аралык кызматташтыктын негизги багыттарын аныктоодо негизги документ болоору аныкталды.

Show More
Back to top button