Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Министри Аскарбек Джаныбеков Евразия өнүктүрүү банкынын Кыргызстандагы директору Нурлан Акматов менен жолукту – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
ЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Министри Аскарбек Джаныбеков Евразия өнүктүрүү банкынын Кыргызстандагы директору Нурлан Акматов менен жолукту

2021-жылдын 15-июлунда, Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Джаныбеков Евразия өнүктүрүү банкынын Кыргызстандагы директору Нурлан Акматов менен жолукту.

Жолугушуунун жүрүшүндө, министр бул долбоордун алкагында бенефициарлар үчүн 1000ден ашык айыл чарба техникалары берилгендигин, заманбап айыл чарба техникалары дыйкандардын ишин бир кыйла жеңилдетип, агробизнес субъекттеринин шарттарын жашыртып, дыйкандар үчүн жеңилдетилген шартта лизинг алуу программасын баштоого мүмкүнчүлүк түзүлгөнүн белгиледи.

Министр Аскарбек Джаныбеков айыл чарба техникаларын лизингге берүү боюнча биргелешкен долбоорду мындан ары да ишке ашыруу пландары менен бөлүштү.

Евразия өнүктүрүү банкынын Кыргызстандагы директору Нурлан Акматов айыл чарба продукцияларын ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспортоо, дыйкан, фермерлерге долбоор аркылуу колдоо көрсөтүү планы бар экенин айтты.

Бүгүнкү күндө ЕАЭБ өлкөлөрүнүн интеграциялык маанилүүлүгүнүн приоритеттеринин бири азык-түлүк соода экономикасынын тутумун натыйжалуу куруу болуп саналат. Буга байланыштуу, атайын банктык тиркеме аркылуу азык-түлүк товарларынын бөлүштүрүү тутумунун концепциясын түзүү долбоорун ишке ашып, Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги менен биргеликте Евразия өнүктүрүү банкы тарабынан меморандумга кол коюу сунуштары жүрүп жатат.

Жолугушуунун жыйынтыгында, тараптар мындан ары кызматташууга даяр экендигин билдиришти.

Show More

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

Back to top button