Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Браконьерликке каршы күрөш жүргүзүү максатында  рейддер жүргүзүлүүдө – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
ЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Браконьерликке каршы күрөш жүргүзүү максатында  рейддер жүргүзүлүүдө

Каракол токой чарбасынын директорунун 2022-жылдын 20-январдагы №1 буйругунун негизинде Каракол токой чарбасынын аймагында мыйзамсыз кыюларга жол бербөө, алдын алуу жана браконьерликке каршы күрөш жүргүзүү максатында токой чарба кызматкерлери Ысык-Көл областтык ички иштер башкармалыгынын туристтик экологиялык милициясы менен биргеликте күчөтүлгөн тартипте күнү-түнү  рейддер жүргүзүлүүдө.  

Токой чарба кызматкерлери ар бир токойчулуктарды кыдырып, фактылар болгон учурда милициянын жардамы менен мыйзамсыз токой кыйган мыйзам бузуучулар кармалууда. Жүргүзүлгөн рейддердин жыйынтыгында 2022-жылдын январь айынан бери 6 мыйзамсыз карагай кыюу фактысы катталды. Жаратылышка келтирилген зыяндын суммасы 37792 сомду түздү.

Мындан тышкары Жергез токойчулугунунда жайгашкан «Садус» пилорамасында Ысык-Көл областтык ички иштер башкармалыгынын туристтик экологиялык милициясы тарабынан  пионер айылынын тургуну И.Р. кармалды.

Бул факты боюнча бүгүнкү күндө 2 (эки) мыйзамсыз карагай кыюу фактысы каталып Ак-Суу райондук ички иштер бөлүмүнө берилип азыркы учурда тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Show More
Back to top button