Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Б.Торобаев кайра иштетүү өнөр жайына өзгөчө көңүл бурулуп жатканын айтты – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Б.Торобаев кайра иштетүү өнөр жайына өзгөчө көңүл бурулуп жатканын айтты

Бүгүн, 5-апрелде Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары-Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Сокулук районунун Ново-Павловка айылында жайгашкан «Sonun» соода маркасы менен таанымал жашылча-жемиш консерваларынын бир канча түрүн экспортко чыгарган «Прод Импекс» компаниясынын ишмердүүлүгү жана көйгөйлөрү менен таанышты.
Жолугушууда Бакыт Төрөбаев Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин тиешелүү тармактарынын жетекчиликтери, Экономика министрлигинин, Финансы министрлигинин, “Айыл банк” РСК Банктын өкүлдөрү, Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү ассоциациясынын өкүлдөрү Э. Акунбеков, Р. Балтабаев, У.Букабаев жана «Прод Импекс» компаниясынын директору Шайлоогүл Майлиева менен биргеликте экологиялык жактан таза, сапаттуу өндүрүлгөн азык-түлүк товарларынын көлөмүн арттыруу, экспорт багытындагы маселелер талкууга алынды.
Башкача айтканда, кайра иштетүү өнөр жай ишканалары чыгарган азык-түлүк товарларынын көлөмүн арттыруу үчүн, айыл чарба продукциялары менен камсыздап жаткан дыйкандарга каржылык көмөк көрсөтүү, бош иштетилбей жаткан жерлерди кооперативдерге бириктирип үрөөн менен камсыздоо, өндүрүлгөн товарларды көйгөйү жок экспортко чыгаруу үчүн стандартка шайкеш келген лаборатория, логистика көйөгөйүн чечүү маселеси көтөрүлдү.
Натыйжада, айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүдө ишкерлер туш болгон проблемаларды чечүү боюнча бир катар сунуш, демилгелер айтылып, тиешелүү тапшырмалар берилди.
Учурда айыл чарбасын көтөрүү багытында, экологиялык жактан таза, сапаттуу продукцияларды өндүргөн кайра иштетүү өнөр жайларына өзгөчө көңүл бурулууда.

Show More
Back to top button