Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Координациялоо боюнча биргелешкен комиссиянын 4-отуруму – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
ЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Координациялоо боюнча биргелешкен комиссиянын 4-отуруму

2021-жылдын 6-декабрында КР айыл чарба министрлиги менен Свердлов облусунун Өкмөтүнүн (Россия Федерациясы)ортосунда соода-экономикалык, илимий-техникалык, маданий жана гуманитардык кызматташтыкты координациялоо боюнча биргелешкен комиссиянын 4-отуруму болуп өттү. Талкуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасы менен Свердлов облусунун (Россия Федерациясы) ортосундагы кызматташуунун учурдагы абалы жана өз ара келечектүү багыттары жөнүндө маалымат алмашышты.

Отурумдун күн тартибиндеги маселелерди талкуулоонун жыйынтыгы боюнча Комиссия төмөнкүдөй макулдашууларга келди:

1.Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги жана Свердлов облусунун агроөнөр жай комплекси жана керектөө рыногу министрлиги, кызыкдар чарба субъекттерине расмий сыноолорду жүргүзүү, люцернанын жана башка айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөнүн көбөйтүү жана өндүрүү боюнча кызматташтыкты жүзөгө ашырууга көмөк көрсөтсүн.

2.Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине жана Свердлов облусунун агроөнөр жай комплекси жана керектөө рыногу министрлигине айыл чарба чөйрөсүндө өз ишмердигин жүзөгө ашыруучу жана өндүрүлүүчү айыл чарба продукциясын экспорттоого (импорттоого) кызыкдар болгон чарбакер субъекттерге байланыштарды түзүүгө жана кызматташууну өнүктүрүүгө көмөк көрсөтсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги жана Свердлов облусунун агроөнөр жай комплекси жана керектөө рыногу министрлиги кызыкдар чарбакер субъекттерге инновациялык жогорку натыйжалуу тоют компоненттерин, аминокислоталарды, витаминдерди, канаттуулар жана балыктарды өндүрүү боюнча кызматташтыкты жүргүзүүгө көмөк көрсөтсүн.

4.Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги “Ирбит сүт заводу” АКнан чыгарылган продукцияны (балмуздакты, майды, сүт аралашмаларын ж.б) Кыргыз Республикасына жөнөтүүгө даяр экендиги жөнүндө Кыргыз Республикасынын ишканаларына маалымдасын, Свердлов облусунун эл аралык жана тышкы экономикалык байланыштар министрлигинин дарегине “Ирбит сүт заводу”АК менен кызматташууга кызыкдар Кыргыз Республикасынын компанияларынын тизмесин жиберсин.

Show More
Back to top button