Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
«АгроТехЭкспо-2021» көргөзмөсүнүн ачылышы – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
ЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

«АгроТехЭкспо-2021» көргөзмөсүнүн ачылышы

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек шаарында өткөн Кыргыз Республикасынын агроөнөржай комплексинин кызматкерлеринин кесиптик майрамына арналган «АгроТехЭкспо-2021» көргөзмөсүнүн ачылыш аземине катышты.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы өз сөзүндө айыл чарба кызматкерлеринин эмгегин жогору баалап, үстүбүздөгү жылы алар жогорку кесипкөйлүктү жана өжөрдүктү көрсөткөндүгүн белгиледи.

«Аба-ырайындагы жагымсыз шарттарга карабастан, атамекендик айыл чарба кызматкерлери өлкө калкынын азык-түлүккө карай муктаждыгын камсыздоого чоң салым кошо алышты. Жеңилдиктер, насыялар, аба ырайынын катаал шартында дыйкандарды колдоого алуу, экспорттук субсидиялар жана жер семирткичтерди, транспортту жана күйүүчү-майлоочу майларды колдоо чаралары улантылат. Учурда биздин алдыбызда өзүбүздүн өндүрүштүк кубаттуулуктарды өнүктүрүү жана айыл чарба секторунун экспорттук потенциалын жогорулатуу милдети турат», – деп белгиледи Акылбек Жапаров.

Министрлер Кабинетинин башчысы айыл чарба секторунун өнүгүүсүнө олуттуу салым кошкон айыл чарба кызматкерлерин энчилүү сааттар менен сыйлап, ошондой эле айыл чарба техникасын жана республиканын аймактарында өндүрүлгөн айыл чарба продукцияларынын көргөзмөсүн көрүп чыкты. Көргөзмөдө жер-жемиштердин ондогон түрү жана сүт продукциялары тартууланган.

“Бүгүн, өлкөбүздүн айыл чарба тармагындагы мүмкүнчүлүктөрүн бир жерге чогултууга аракет кылдык. Мамлекетибиздин булуң-бурчунан миңдеген дыйкан-фермерлер ушул жерге келип, маалымат алып, көзү менен көрүп кетүүгө шарт түзүп жатабыз. Аны менен бирге, мамлекеттик банкттар, үрөн жана асыл-тукум чарбалар, айыл чарбасына байланыштуу жеке компаниялар жана мамлекеттик органдардар менен түздөн-түз баарлашканга, иштешкенге аянтча түздүк”-деди министр Аскарбек Джаныбеков.

Көргөзмө-жарманкеге айыл чарба техникалары жана акыркы заманбап айыл чарба технологиялар, айыл чарба жаныбарларынан асыл тукум мал жандыктар жана канаттуулар, мал чарбасында, өсүмдүк өстүрүүдө, кайра иштетүү өнөр жайындагы жаңы технологиялардын түрлөрү жана башкалар көрсөтүлөт.

Бул иш-чара 23-24-октябрь күндөрү да өтмөкчү.

Show More
Back to top button