Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Өлкөдөгү кунарсыз жайыттарга жайыт үрөндөрүн себүү боюнча семинар өттү – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Өлкөдөгү кунарсыз жайыттарга жайыт үрөндөрүн себүү боюнча семинар өттү

Бүгүн, 25-августта республикадагы кунарсыз жайыттарга жайыт чөптөрүнүн үрөндөрүн себүү менен аларды жакшыртуу жана үрөнчүлүк чарбаларда жайыт өсүмдүктөрүнүн үрөндөрүн себүүнүн агротехникасы боюнча Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз райондук маданият үйүнүн имаратында облустук семинар өттү.

Иш чарага Айыл чарба министри Аскарбек Джаныбеков, КРнын Президентинин Ысык-Көл облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү, Министрликке караштуу Кыргыз мал чарба жана жайыт илимий изилдөө институнун өкүлдөрү, айыл өкмөт жана райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктарынын башчылары, жайыт комитетинин жана үрөнчүлүк чарбалардын жетекчилери, ошондой эле дыйкан, фермерлер катышты.

Семинарда кунарсыз жайыттарга жайыт чөптөрүнүн үрөндөрүн себүү менен жакшыртуу, үрөнчүлүк чарбаларда жайыт өсүмдүктөрүнүн үрөндөрүн себүүнүн агротехникасы, топурактын агрохимиялык анализи  жана өсүмдүктөр үчүн биологиялык препараттардын натыйжалуулугу, минералдык жер семирткичтерди колдонуу туурасында Министрликтин адистери маалымат берди.

Эске салсак, быйыл жайыт жерлеринин деградациясын токтотуу үчүн 94 миң 490 кг жайыт үрөнү сатылып алынган.

Show More
Back to top button