Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги, министрликтин райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктарынын Мамлекеттик жарандык кызматынын башкы административдик кызмат орундарынын кадрлар резервин түзүү үчүн ачык сынак жарыялайт – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
ЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги, министрликтин райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктарынын Мамлекеттик жарандык кызматынын башкы административдик кызмат орундарынын кадрлар резервин түзүү үчүн ачык сынак жарыялайт

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги, министрликтин райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктарынын Мамлекеттик жарандык кызматынын башкы административдик кызмат орундарынын кадрлар резервин түзүү үчүн ачык сынак жарыялайт.

  1. Кесиптик билим денгээли:

– жогорку билим: бардык багыттар боюнча “айыл чарба жана айыл чарба илимдери”; “Экономика жана башкаруу” багыты боюнча экономика менжмент, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу; “токой ресурстарын кайра өндүрүү жана кайра иштетүү” багыттары боюнча токой чарбасы жана ландшафттык курулуш, токой жана жыгач иштетүү өндүрүшүнүн технологиясы; юриспруденция багыты боюнча “гуманитардык илимдер”; бардык багыттар боюнча “азык-түлүк продуктуларынын технологиясы жана өндүрүшү”; “геодезия жана жерге жайгаштыруу” багыты боюнча жерге жайгаштыруу жана жер кадастры; “табигый илимдер “багыты боюнча картография жана геоинформатика;” суу ресурстары жана сууну пайдалануунун” баардык багыттары боюнча”, ошондой эле багыты боюнча макроэкономикалык пландаштыруу жана божомолдоо.

  • Иш тажрыйбасы жана стажы:
  • Мамлекеттик же муниципиалдык кызматта эмгек стажы үч жылдан кем эмес, же болбосо эмгек стажы тиешелүү кесип чөйрөсүндө беш жылдан кем эмес.
  • Кесиптик компотенттүүлүгү:

3.1. Билими:

– жалпы мыйзамдар:

  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

2. Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Конституциялык Мыйзамы;

3. Кыргыз Республикасынын “Эмгек Кодекси”;

4. Кыргыз Республикасынын «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Мыйзамы;

5. Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамы;

6. Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамы;

7. Кыргыз Республикасынын «Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө» Мыйзамы;

8. Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө» Мыйзамы;

9. Кыргыз Республикасынын «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Мыйзамы;

10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

– предметтик мыйзамдар:

  1. Кыргыз Республикасынын Жер кодекси;
  2. Кыргыз Республикасынын Суу кодекси;
  3. “Кыргыз Республикасынын Айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө” КР Мыйзамы;
  4. “Суу жөнүндө” КР Мыйзамы;
  5. “Жайыттар жөнүндө” КР Мыйзамы;
  6. “Кыргыз Республикасында мал чарбасындагы асыл тукум иши жөнүндө” КР Мыйзамы;
  7. “Кооперативдер жөнүндө” КР Мыйзамы;
  8. “Үрөндөр жөнүндө” КР Мыйзамы;
  9. “Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө” КР Мыйзамы;
  10.  КРӨ 2014-жылдын 19-мартындагы “жер участокторун которуунун (трансформациялоонун) тартиби жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу”№169 токтому;
  11. КРӨ 2007-жылдын 22-июнундагы №243 токтму менен бекитилген “Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө типтүү жобо”;
  12. КРӨ 2017-жылдын 13-мартындагы №145 “Кыргыз Республикасында үрөн өстүрүүнү өнүктүрүүнү мамлекеттик колдоо чаралары жөнүндө” токтому;
  13. КРӨ 2016-жылдын 14-мартындагы “Кыргыз Республикасынын жер үстүндөгү сууларын коргоо эрежелерин бекитүү жөнүндө” №128 токтому;
  14. КРӨ “Кыргыз Республикасынын суу объекттеринде адамдардын өмүрүн коргоо эрежелерин бекитүү жөнүндө” 2011-жылдын 13-августундагы №466 токтому;
  15. КРӨ “Кыргыз Республикасында жер астындагы сууларды коргоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” 2015-жылдын 2-мартындагы №92 токтому;
  16. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 27-сентябрындагы №697 токтому менен бекитилген “”Кыргыз Республикасынын үрөнчүлүк чарбалары жөнүндө” жобосу.

3.2. Жөндөмү:

– иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;

– башкармалыктын көйгөйлөрүн чечүүгө карата мамилелерди талдоо, болжолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана интеграциялоо;

– башкаруучулук чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын кесепеттери үчүн жоопкерчилик тартуу;

– кызыкчылыктардын кагылышына алып келген көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү;

– коюлган милдеттерди чечүү үчүн инновациялык ыкмаларды колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн издөө;

– өз ишин жана башкармалыктын ишин натыйжалуу пландаштыруу;

– ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү.

3.3. Көндүмдөр:

– аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;

– түзүмдүк бөлүктү башкаруу (кол алдындагылардын ортосунда тапшырмалар жана милдеттерди рационалдуу бөлүштүрүү, стратегиялык максаттарды жана жетекчиликтин түрлөрүн өз кол алдындагыларга сапаттуу жеткирүү, башкаруу чечимдерин ыкчам даярдоо, кабыл алуу жана ишке ашыруу, иштин жаңы формаларын жана методдорун издөө);

– маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

– ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

– конфликттик кырдаалдарды жөнгө салуу;

– натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, ишкердик этикеттин ыкмаларын билүү, кеңешмелерди жана жолугушууларды өткөрүү, эл алдында чыгып сүйлөө.

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги, министрликтин райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктарынын Мамлекеттик жарандык кызматынын улук административдик кызмат орундарынын кадрлар резервин түзүү үчүн ачык сынак жарыялайт.

  1. Кесиптик билим денгээли:

– жогорку билим: бардык багыттар боюнча “айыл чарба жана айыл чарба илимдери”; “Экономика жана башкаруу” багыты боюнча экономика менжмент, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу; “токой ресурстарын кайра өндүрүү жана кайра иштетүү” багыттары боюнча токой чарбасы жана ландшафттык курулуш, токой жана жыгач иштетүү өндүрүшүнүн технологиясы; юриспруденция багыты боюнча “гуманитардык илимдер”; бардык багыттар боюнча “азык-түлүк продуктуларынын технологиясы жана өндүрүшү”; “геодезия жана жерге жайгаштыруу” багыты боюнча жерге жайгаштыруу жана жер кадастры; инженер-куруучу; “табигый илимдер “багыты боюнча картография жана геоинформатика;” суу ресурстары жана сууну пайдалануунун” баардык багыттары боюнча”, ошондой эле багыты боюнча макроэкономикалык пландаштыруу жана божомолдоо.

  • Иш тажрыйбасы жана стажы:
  • Мамлекеттик же муниципиалдык кызматта эмгек стажы бир жылдан кем эмес, же болбосо эмгек стажы тиешелүү кесип чөйрөсүндө үч жылдан кем эмес.
  • Кесиптик компотенттүүлүгү:

3.1. Билими:

– жалпы мыйзамдар:

  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

2. «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

3. Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамы;

4. Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамы;

5. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө»;

6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

– предметтик мыйзамдар:

  1. Кыргыз Республикасынын Жер кодекси;
  2. Кыргыз Республикасынын Суу кодекси;
  3. “Кыргыз Республикасынын Айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө” КР Мыйзамы;
  4. “Суу жөнүндө” КР Мыйзамы;
  5. “Жайыттар жөнүндө” КР Мыйзамы;
  6. “Кыргыз Республикасында мал чарбасындагы асыл тукум иши жөнүндө” КР Мыйзамы;
  7. “Кооперативдер жөнүндө” КР Мыйзамы;
  8. “Үрөндөр жөнүндө” КР Мыйзамы;
  9. “Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө” КР Мыйзамы;

3.2. Жөндөмү:

– маалыматтарды чогултуу, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

– аналитикалык документтерди даярдоо;

– тиешелүү тармактагы ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбага талдоо жүргүзүү жана аны практикада колдонуу;

– кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

– ишкердик сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

– жаңы эмгек шарттарына көнүү.

3.3. Көндүмдөр:

– ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

– ишти пландаштыруу жана кызматтык убакытты туура бөлүштүрүү;

– башкаруу чечимдерин ыкчам ишке ашыруу.

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги, министрликтин райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктарынын Мамлекеттик жарандык кызматынын кенже административдик кызмат орундарынын кадрлар резервин түзүү үчүн ачык сынак жарыялайт.

  1. Кесиптик билим денгээли:

– жогорку билим: бардык багыттар боюнча “айыл чарба жана айыл чарба илимдери”; “Экономика жана башкаруу” багыты боюнча экономика менжмент, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу; “токой ресурстарын кайра өндүрүү жана кайра иштетүү” багыттары боюнча токой чарбасы жана ландшафттык курулуш, токой жана жыгач иштетүү өндүрүшүнүн технологиясы; юриспруденция багыты боюнча “гуманитардык илимдер”; бардык багыттар боюнча “азык-түлүк продуктуларынын технологиясы жана өндүрүшү”; “геодезия жана жерге жайгаштыруу” багыты боюнча жерге жайгаштыруу жана жер кадастры; инженер-куруучу; “табигый илимдер “багыты боюнча картография жана геоинформатика;” суу ресурстары жана сууну пайдалануунун” баардык багыттары боюнча”, ошондой эле багыты боюнча макроэкономикалык пландаштыруу жана божомолдоо.

  • Иш тажрыйбасы жана стажы:

– иш стажына талаптар коюлбайт.

  • Кесиптик компотенттүүлүгү:

3.1. Билими:

– жалпы мыйзамдар:

  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

2. Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамы;

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

– предметтик мыйзамдар:

  1. Кыргыз Республикасынын Жер кодекси;
  2. Кыргыз Республикасынын Суу кодекси;
  3. “Кыргыз Республикасынын Айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө” КР Мыйзамы;

3.2. Жөндөмү:

– жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

– документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;

– кызматтык милдеттерине ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;

– жарандардын кайрылуулары боюнча жоопторду кароо жана даярдоо.

3.3. Көндүмдөр:

Сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтерди папкага салып тапшыруу керек (папканын сыртына толук аты-жөнү, ИСН, байланыш номерлери, электрондук почта дареги көрсөтүлсүн):

– жеке арыз;

– паспорттун көчүрмөсү;

– резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен);

– өмүр баяны (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен);

– нотариус же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү;

– нотариус же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);

– илимий даражаны жана илимий наамды ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо);

– сынакка арыз берген учурда 6 айдан ашпаган соттуулугу бар (же жок) берилген датасы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Маалымат борборунун маалымкаты. 

Сынакка катышуу үчүн документтерди министрликтин адам ресурстарын башкаруу бөлүмүнө 2022-жылдын 5-сентябрына саат 17:00 го чейин Киев көчөсү, 96 “А”, 3-кабат, 314 каб. дареги боюнча тапшыруусу керек.

Сурап-билүү телефону: 62-37-09.

Эскертүү:

  • белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды берген жарандарга конкурска катышууга жол берилбейт;
Show More
Back to top button