Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Тоютту экспорттоого чектөөлөр киргизилет – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Тоютту экспорттоого чектөөлөр киргизилет

Айыл чарба министрлиги “Кыргыз Республикасынан айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө” Министрлер Кабинетинин токтом долбоорун иштеп чыкты.

Долбоордо ички азык-түлүк рыногунда терс кесепеттерге жол бербөө максатында, айыл чарба продукциясынын айрым түрлөрүн экспорттоого тыюу салуу мөөнөтүн 2023-жылдын аягына чейин киргизүү каралган.

Кардын аз жаашы жана жаздын кеч келиши аба ырайынын өтө ысык болушуна жана жаан-чачындын аз болушуна байланыштуу, жазгы талаа жумуштарынын айрым технологиялык процесстерин үзгүлтүккө учуратты жана тоют өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүнүн төмөндөөсүнө таасирин тийгизди. Райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктарынан алынган ыкчам маалыматтарды талдоодо былтыркыга салыштырмалуу тоют аз болуп, айыл чарба өндүрүшүнө, мындай абал малга кышкы тоютту даярдоо маселесинде терс таасирин тийгизет.

Айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн тышка ташып чыгууга убактылуу тыюу салууну киргизүү менен республиканын ички азык-түлүк рыногунда абал белгилүү бир деңгээлде турукташтырылат жана фермердик чарбалардын ишине оң таасирин тийгизет, ички рынокто чөптүн жана башка тоют өсүмдүктөрүнүн тартыштыгына жана баанын өсүшүнө алдын алат, бул республиканын азык-түлүк коопсуздугуна да таасирин тийгизет.

Акыркы жылдарда республикада 1 шарттуу малдан орточо эсеп менен 7,0-8,0 центнерге жакын тоют бирдиги алынууда, бул зоотехникалык нормалардын 50%ын түзөт, ал эми, тоют бирдиктеринин жетишсиздигин дыйкандар жайыттарды тоюттандыруунун эсебинен толтурууда, б.а. жайыттарды пайдалануу. 2023-жылдын аягына карата тоют өндүрүү божомолу республика боюнча 3885,3 миң тоннаны түзөт.

Кыргызстандан Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынын чегинен тышкары ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салынган айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүнүн тизмеси:

Show More
Back to top button