Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
«Кыргыз Республикасындагы айылдарды комплекстүү өнүктүрүү боюнча долбоорун» натыйжалуу ишке ашыруу – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
ЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

«Кыргыз Республикасындагы айылдарды комплекстүү өнүктүрүү боюнча долбоорун» натыйжалуу ишке ашыруу

28-мартта Кыргыз Республикасынын айыл чарба министри А.С. Джаныбеков «Кыргыз Республикасындагы айылдарды комплекстүү өнүктүрүү боюнча долбоорун» ишке ашыруу максатында Эл аралык Гуд Нейборс жана Корея Эл аралык Кызматташтык Агенттигинин (KOICA) өкүлдөрү менен жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушууда «Гуд Нейборс Интернэшнл» эл аралык уюмунун өлкө боюнча директору Чжун Хонг Су уюмдун түптөлүшүндө жана анын ишмердүүлүгүндө токтолуп, уюм өз ишмердүүлүгүндө жалпысынан аймактык өнүгүүгө багытталгандыгы жөнүндө айтып берди.
Мындан сырткары, ал жолугушуунун катышуучуларына «Гуд Нейборс Интернэшнл» уюму Кыргызстанда 2014-жылдан бери өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп, 2018-жылдан бери ЖӨБЭММА (азыркы – ГАГСМСУ) менен өнөктөштүктө «Менин айылым» (азыркы учурда «Жаңы айыл») долбоорун ишке ашырып жатканын маалымдады.
Ошондой эле, «Гуд Нейборс Интернэшнл» уюмунун долбоордук менеджери Сунжа Хванг мырза жолугушуунун катышуучуларына аталган долбоор боюнча презентация жасады.
Министр, өз кезегинде, бул долбоорду ишке ашыруунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, долбоордогу иш-чаралардын кайталанышына жол бербөө максатында, долбоордун ар бир компоненти жана иш-чаралары натыйжалуу жүзөгө ашырылышы боюнча үмүтүн билдирди.
Мындан сырткары, Министр катышуучуларга долбоордон жыйынтыгында натыйжа бербеген иш-чаралардан арылуу боюнча каалоосун айтып кетти.

Ошондой эле, Министрдин орун басары А.Ф. Мукашев делегацияга фермерлердин продукциясын сатууну, экспорттоону илгерилетүү максатында «Айыл Банк» ААК алдында «Маркетплейс» санариптик аянтчаны бирге түзүү сунушун айтып, аталган онлайн-платформа долбоор аягына чыккан учурда да иштей берүүсү жөнүндө катышуучуларды маалымдап кетти.
Жолугушуунун соңунда, Министр катышуучуларга ийгилик жана долбоордун натыйжалуу ишке ашырылышын каалап кетти.

Өз кезегинде, Чжун Хонг Су Министрликтин жетекчилигине «Кыргыз Республикасындагы айылдарды комплекстүү өнүктүрүү боюнча долбоору» боюнча Үч тараптуу меморандуму макулдашылгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, 30-мартта Ош шаарында долбоордун расмий ачылыш аземи мерчемделгендигин билдирип кетти. Долбоордун расмий ачылышында Министрдин Биринчи орун басары Н.К. Алишеров катышып, аны менен бирге эл аралык уюмдардын, КР Президентин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн Аппаратынын, райондук мамлекеттик администрациялардын жана айыл өкмөттөрдүн өкүлдөрү катышышты.

Show More
Back to top button