Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Машина-трактордук станциялар боюнча маалымат – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Машина-трактордук станциялар боюнча маалымат

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Республиканын аймактарында агротехникалык механизациялык кызматын көрсөтүүчү ишканаларды (МТС) түзүү жөнүндө”  №107-б буйругун аткаруу максатында  Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрү, райондук мамлекеттик администрациялары жана жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары менен бирдикте ар бир райондо 2016-2022 жылдары түзүлө турган машина-трактордук станцияларды уюштуруу планын иштеп чыккан.

Министрлик тарабынан Айыл чарбаны механизациялоо, инновациялык технологиялар жана кооперациялоо департаментине жана райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктары менен биргеликте ар бир райондо 2016-2022 жылдары уюшулуп иштеп жаткан  кийинки жылдары уюшула тарган МТСтердин санын тактоо тапшырылган.

Такталып алынган маалыматтардын жыйынтыгында 2022-жылы республиканын аймактарында 3 агротехникалык механизациялык кызмат көрсөтүүчү ишканасы уюшулган, анын 1 муниципалдык жана 2 жеке менчик, ал эми 2023-жылдын алгачкы 2 айында 2 жеке МТС уюшулган. Ал эми Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому кабыл алынгандан бери жалпысынан 127 МТС уюшулуп, алардын 50 муниципалдык, 77 жеке менчик ишканасы болуп эсептелет жана алардын карамагында 2000 жакын ар түрдүү үлгүдөгү айыл чарба техникалары бар.

Show More
Back to top button