Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Кырчын тилкесинде 14,6 м³ Тянь-Шань карагайы кыйылып, токой чарбасына 69047,76 сом өлчөмүндө зыян келтирилген – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
ЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Кырчын тилкесинде 14,6 м³ Тянь-Шань карагайы кыйылып, токой чарбасына 69047,76 сом өлчөмүндө зыян келтирилген

Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Мамлекеттик токой чарба агенттиги үстүбүздөгү жылдын 10-сентябрынан 12-сентябрына чейин Ысык-Көл токой чарбасынын Кырчын тилкесине текшерүү жүргүзгөн. Күтүүсүз текшерүүнүн жыйынтыгында 14,6 м³ Тянь-Шань карагайы кыйылып, токой чарбасына 69047,76 сом өлчөмүндө зыян келтирилгени аныкталган. Бул факты боюнча Мамлекеттик токой чарба агенттиги Ысык-Көл токой чарба ишканасына белгиленген тартипте мыйзамсыз токой кыюу боюнча материалдарды укук коргоо органдарына өткөрүп берүүнү тапшырды. Ошондой эле, Ананьево токой чарбасынын Кичи-Аксуу токойчусу М.Т. Райымбеков кызматтан бошотулганга чейин күнөөсүн мойнуна алынгандыгына байланыштуу, андан токой чарбасына келтирилген зыянды өндүрүү, мындан тышкары, Ысык-Көл токой чарбасынын директоруна катуу дисциплинардык чараларды көрүү тапшырылды.

Мыйзамсыз токой кыюуга жол бербөө максатында, Мамлекеттик токой чарбасы агенттиги Ысык-Көл токой чарбасына берилген токойду тазалоо боюнча бардык уруксаттарды жокко чыгарды жана ушул жылдын 13-сентябрынан тартып мамлекеттик токой фондусунун аймагында жыгач даярдоону убактылуу токтотууну тапшырды. Ошондой эле, Кичи-Аксуу жана Чок-Аксуу капчыгайларында жайгашкан постторго видеобайкоо камераларын орнотуу процессин тездетүү тапшырылды.

Show More
Back to top button