Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
ЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18-январындагы №3 Мыйзамы менен кабыл алынган 2022-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирген Салык кодексине ылайык айыл чарба субъектилерине жумуштарды көрсөтүүдө, кызмат көрсөтүүдө жана техниканы сатып алууда, төмөнкүдөй салыктык жеңилдиктер каралган.
266-берене. Айыл чарба продукциясын жана аны кайра иштетүү продуктуларын берүү
п.5 Айыл чарба өндүрүүчүсүнө жана айыл чарба кооперативине машинатрактордук станциясы тарабынан төмөнкүлөрдү берүү КНС бошотулган берүү болуп саналат:
1) айыл чарба техникасын пайдалануу менен аткарылган жумуштар;
2) айыл чарба техникасын техникалык тейлөө жана оңдоо боюнча ькызмат көрсөтүүлөр;
3) айыл чарба техникасына запастык бөлүктөр.
290-берене. Кыргыз Республикасынын ишканаларында
өндүрүлүүчү айыл чарба техникасын берүү Ата мекендик айыл чарба өндүрүүчүсүнө Министрлер Кабинета аныктаган тизмекке ылайык Кыргыз Республикасынын ишканаларында өндүрүлүүчү айыл чарба техникасын берүү КНС бошотулган берүү болуп саналат.
301-берене. Кыргыз Республикасынын аймагына негизги каражаттардын, ошондой эле айрым товарлардын импортун КНС бошотуу

  1. КНС төлөөчү тарабынан наркы 5000 эсептик көрсөткүчтөн кем болбогон товарларды Кыргыз Республикасынын аймагына импорттоодо импортко КНС төлөөдөн бошотулат, эгерде товар төмөнкүлөр катары ташып кирилсе:
    1) түздөн-түз өзүнүн өндүрүштүк максаттары үчүн негизги каражаттар;
    2) исламдык каржылоого ылайык мурабаха жана иджара мунтахийя биттамлик келишими боюнча сатылып алынган товар.
  2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган бошотуу ТЭИ TH 8401-8406,
    840710, 8410-8414, 8416-8447, 8449-8465, 8471, 8474, 8475, 8477-8480, 8504,
    8505, 8514, 8515, 8525, 8526, 8529, 8530, 8601-8606, 8608, 8609, 8701, 8702
    (микроавтобустарды кошпогондо), 8704, 8705, 8709, 8716, 8802, 9018, 9022,
    9027, 9406 90 310 0 товардык позицияларда квалификацияланган товарларга
    жана негизги каражаттарга жайылтылат.
  3. КНС төлөөчү катары чарба жүргүзүүчү субъект статусуна карабастан, жеке өндүрүштүк максаттар үчүн төмөнкүлөр тарабынан жүзөгө ашырылуучу, ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган негизги каражаттардын импорту КНС төлөөдөн бошотулат:
    1) айыл чарба өндүрүүчүлөрү;
    2) айыл чарба кооперативи, анын ичинде кооперативдин мүчөлөрүнүн
    өндүрүштүк максаттары үчүн;
    3) машина-трактордук станциясы;
    4) айыл чарба багытындагы соода-логистикалык борбору;
    5) финансылык ижара (лизинг) келишими боюнча чарба жүргүзүүчү субъект;
    6) зер буюмдарын өндүрүүчүлөр.
  4. Ушул беренеге ылайык импорт болгон датадан тартып 60 айлык мезгил аяктаганга чейин, ЕАЭБ мүчө-мамлекеттин аймагынан ташып кирилген негизги каражаттар ээликтен ажыратылса, мындай ажыратуу салык салынуучу импортко теңештирилет. Импортко КНС боюнча салыктык
    милдеттенме мындай негизги каражаттын импортунун датасынан келип чыгат.
  5. Ушул берененин максатында товарды өткөрүп берүү төмөнкү учурларда ээликтен ажыратуу болуп саналбайт:
    1) финансылык ижара келишими боюнча;
    2) исламдык каржылоого ылайык мурабаха жана иджара мунтахийя биттамлик келишимдери боюнча.
  6. Айыл чарба кооперативи тарабынан түздөн-түз өздүк өндүрүштүк максаттары үчүн, ошондой эле кооперативдин мүчөлөрүнүн өндүрүштүк максаттары үчүн ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган негизги каражаттарды импорттоодо, ушул берененин l-бөлүгүндө каралган нарктын чектелишин эске албастан, импортко КНС төлөөдөн бошотулат.
    364-берене. Сатуудан алынуучу салыкты төлөөдөн бошотуу
  7. Төмөнкүлөр тарабынан товарларды сатуу, жумуштарды аткаруу, кызматтарды көрсөтүү сатуудан алынуучу салыкты төлөөдөн бошотулат:
    1) айыл чарбалык өндүрүүчүсү жана/же машина-трактордук станция;
    2) айыл чарба кооперативы;
Show More
Back to top button