Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
КРнын Өкмөтү тарабынан берилген ченем жаратуу ыйгарым укуктарынын негизинде эрежелер кабыл алынды – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
ЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

КРнын Өкмөтү тарабынан берилген ченем жаратуу ыйгарым укуктарынын негизинде эрежелер кабыл алынды

Кыргыз Республикасында органикалык айыл чарбасын өнүктүрүү максатында, 2019-жылдын октябрь айынан бери KOICA эл аралык кызматташтык агенттигинин колдоосу менен, “Кыргыз Республикасындагы органикалык айыл чарба саясатын ишке ашырууну колдоо жана дыйкандардын мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу” боюнча долбоору ишке ашырылууда. 

Бул долбоор БУУнун ФАО тарабынан “Кыргыз Республикасында органикалык айыл чарба өндүрүшү жөнүндө” ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгууга эл аралык жана улуттук эксперттерди тартуу жолу менен ишке ашырылууда.

Бул долбоордун биринчи компонентинде Кыргыз Республикасынын мыйзамынын аткарылышын камсыз кылуу максатында, ченемдик укуктук актыларды ишке ашыруу белгиленген. Ага ылайык, Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин 2020-жылдын 5-октябрындагы № 2 буйругунун негизинде, тиешелүү министрликтер жана ведомстволор менен макулдашуунун, ошондой эле коомдук талкуунун натыйжасында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан берилген ченем жаратуу ыйгарым укуктарынын алкагында төмөнкү эрежелер кабыл алынды:

  1) Салттуу айыл чарба өндүрүшүнөн органикалык айыл чарбасына өтүү эрежелери;

2) Органикалык айыл чарба продукциясын өндүрүүчүлөрдүн реестрин түзүү/жүргүзүү эрежелери.

Show More

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

Back to top button