Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Карантинге алынуучу продукцияны экспорттоо – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Карантинге алынуучу продукцияны экспорттоо

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин кызматкерлери 2023-жылдын 24-30-мартына карата республиканын чек арасында жана аймагында экспорттоолуучу 14 миң 125 тонна ата-мекендик айыл чарба продукциясына карантиндик фитосанитардык көзөмөл жүргүзүлдү, анын ичинен:

  • Чүй облусунун карантинге алынуучу продукциялар 8 миң 850,8 тоннаны түзгөн. Анын ичинен: жашылчалар-3726,1 т. (Россия, Украина, Афганистан, Казакстан), дан эгиндери-2796,9 т. (Россия, Казакстан, Өзбекстан), Жаңгактар -1329,3 т. (Россия, Казакстан, Иран), Картошка-114,4т.(Россия, Казакстан) өлкөлөрүнө экспорттолду. Ошондой эле аз өлчөмдө: 884 тонна – мөмө жемиштер, уруктар, тамак-аш азыктары түзүп Россия, Казакстан, Өзбекстан өлкөлөрүнө экспорттолду.
  • Андан кийин карантинге алынуучу продукциялардын экспорттук көлөмү боюнча, Талас областына туура келип, 1 миң 917 тоннаны түздү. Анын ичинен: буурчак өсүмдүктөрү-1289,5 т. (Россия, Сербия, Македония,Казакстан,Грузия), алма-508,26 т. (Казакстан),картошка-108,28 т. (Казакстан), жем, ашкабак-11 т. (Казакстан, Сербия, Россия) өлкөлөрүнө экспорттолгон.
  • Ош облусунун 1 миң 646 тонна: кургатылган жемиштер-900,3 т. (Россия) жашылчалар-154,7 т. (Россия, Казакстан), башка өндүрүлгөн товарлар-454,6 т. жана 10285 даана (Россия, Турция, Казакстан), көчөттөр-116111 даана (Россия) өлкөлөрүнө экспорттолгон.
  • Баткен облусунун 1 миң 522 тонна: картошка-640 т., жүгөрү-80 т., алма-20 т, пияз-675 т., арпа-30 т., миндаль, жаңгак-77 т. Өзбекстан өлкөсүнө экспорттолгон.
  • Жалал-Абад облусунун 115,3 тонна: пахта буласы-43,3 т. (Россия), кургатылган алма-18,3 т. (Германия), жаңгактар-43 т. (Өзбекстан, Грузия) жана башка карантинге алынуучу продукциялар-10,7 т. (Россия) өлкөлөрүнө экспорттолгон.
  • Ысык-Көл облусунун 73,77 тонна: эспарцет, жашылчалар, кургатылган мөмө-жемиште, жаңгак, цитрус, кургатылган мөмө-жемиштер-73,77 тоннаны түзгөн (Казакстан), ошондой эле 4523 даана көчөттөр (Казакстан, Россия) өлкөсүнө экспорттолгон.

Карантиндик фитосанитардык көзөмөлдүн жүрүшүндө товарлар ичине чейин текшерилип, ташылып чыгарыла турган азыктардан үлгүлөр алынды, ТЭИ катышуучулары ЕАЭБдин бирдиктүү карантиндик фитосанитардык талаптарына ылайык ташуунун шарттарынын жана сактоо эрежелеринин аткарылышы менен таанышты.

Show More
Back to top button